Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан акча талап кылууга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 22-мартта.
Арыз ээси — жергиликтүү тургун 2023-жылдын февраль айынын аягында милиция кызматкерлерине кайрылып, кылмыштуу топтун өкүлдөрү опузалап жатканын билдирген. Алгачкы маалыматтар боюнча, шектүүлөр акча жана мүлк талап кылып, алардын бири бычак менен коркуткан. Андан кийин малын унаага жүктөп алып кетишкен.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен катталып, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү ыкчам тергөө иштерин жүргүздү. 21-мартта Ысык-Көл облусунун аймагында бул кылмыш ишке шектелгендердин бири кармалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүү — 1987-жылы туулган О.А. мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган (каракчылык, бейбаштык, ден соолукка оор залал келтирүү фактылары). Учурда пробация аркылуу жаза өтөп жаткан.
Шектүү убактылуу камакка алынып, кылмыш иштин башка катышуучуларын аныктоо иштери уланып жатат.