Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркия мамлекетинин ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөгө зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
“Эки өлкөнүн министрлери Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алды” – деп маалымдалат милициянын билдирүүсүнө.
25-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан.
Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалды.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.
Иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүү учурунда курган маегинде 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын айтып берген.
Саймаити ал жолу мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.
Булак: Азаттык