Министрликтин басма сөз кызматы 19-февралда маалымдагандай, алар «Инибиз Рахманберди уулу Төлөгөндү Ошто Райымбек Матраимовдун жандоочулары Кылыч Саркарбаев, Нурбек Раимбеков жана Мунар Матраимов коркутуп-үркүтүп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз» деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.
Министр кылмышка тиешеси барлар жоопкерчилик тарта турганын билдирди.
Ошону менен катар ал: «Сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөн жана анын шериги Эмилбек Кимсанов кылмышка шектүү экенин жакшы билесиздер. Мына, экөөнө тең издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын», — деп айтты.
Жунушалиев тергөө акыйкат жүрөрүн белгилеп, «эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз» деп кошумчалады.
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев 17-февралда өз арызына ылайык жумуштан убактылуу четтетилди. Буга милициянын мурдагы кызматкери, мушкер Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралда президент Сооронбай Жээнбековго «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деп кайрылганы себеп болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатат деп эсептеп, ал кайрылууларды каралоо катары баалаган.
Мушкер Төлөгөн Рахманберди уулу менен мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды.
Булак: Азаттык