Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу Бишкектеги ок атышууга шектүү эки жаран кармалганын маалымдады.
Алардын 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок “Макаров” куралы табылды.
Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.
Милициянын маалыматында, 9 — декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү машинеге ок атылган.
“Тойота-Авенсистин” ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден “Макаров” куралыныкы болушу мүмкүн делген октун алты гилзасы табылган. “Тойота-Авенсис” автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Милиция шектүүлөр “Коопсуз шаардын” видео көзөмөл байкоолорунун жардамы менен табылганын белгилейт. Учурда бул факт Жазык кодексинин 9-130 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.
Булак: centralasian