Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган 9 мүнөттүү болгон аудио көчүрмөнү жердиги Балыкчы шаары, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталган.
Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган. Андан сырткары, 2020-жылдын 17-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФдин Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан. 2020-жылдын 17-июль күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. ИИМ жарандарды интернетте, «WhatsApp» мессенджеринде кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу малымдоого чакырат.