Домой Саясат ИИМ базасын толуктап бүтсө, эми эчким соттолгонун жашыра албайт

ИИМ базасын толуктап бүтсө, эми эчким соттолгонун жашыра албайт

73

Канат Исаев

Көпчүлүк коалиция жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев премьер-министрге: “ИИМ 300-400 долларга мурун соттолгондо “соттолгон эмес” деген кагаз алган учурлар бар, аларды кандай кылыш керек?” деген суроо берди. “Эгерде ошондой фактыңар болсо, бизге бергиле. Тиешелүү чара көрөбүз” — деди премьер. Бул маселе боюнча жыйынга катышкан ИИМ министри Мелис Турганбаев мындай деди: “Архивде соттолгондор жөнүндө маалыматтын баары бар. Азыр ИИМ ошол боюнча базасын толуктап жатат. Мурун соттолуп, бирок, жашырып койгон ИИМ кызматкерлери да бар. Азыр ошолордун баары такталып жатат. Жыл аягында бул иш бир системага түшүп калат”.