Домой Саясат ИИМ: Атамбаевге Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилген

ИИМ: Атамбаевге Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилген

63

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы «Альфа» түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин билдирди.

18-декабрда таратылган расмий кабарга ылайык, Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда 18-ноябрда маалымдама тапшырылган.

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.

Булак: Азаттык