Төкмө акын Идрис Айитбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн «Мalibu» автоунаасы менен Өзбекстандан бир үй белек катары берилмей болду. Бул тууралуу Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахмонов кечээ, 6-сентябрда «Достук» чек ара постунун ачылышында билдирди.
Төкмө акын Өзбекстандык кыргыздардан. Бир нече жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Идрис акын Андижанда жашаган ата-энесин 5 жыл көрбөй жүргөнүн белгиледи.
«Мен Өзбек президенти менен президентибиз Алмазбек Атамбаевге ырдап бердим. Эки президент тең ыраазычылыгын билдиришти. Өзбекстандык кыргыз болгондуктан эки элдин достугу үчүн ырдап келем. Чек арадагы көйгөйлөрдү төкмөлүк менен жеткирдим деп ойлойм. Мен үчүн белек башкы орунда эмес. Достук мамиле бекемделип, президенттер ыраазы болсо мага чоң жеңиш болду. Белек бергендик да жоомарттык. Ата-энем Өзбекстанда жашашат. Аларды 5 жылдан бери көрө элек болчумун. Ушул жылы кыргыз делегациясы менен Өзбекстанга барып келдим», — деди төкмө акын.
Идрис Айитбаев өзбек лидеринин Кыргызстанга 5-6-сентябрда болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери катышкан чоң салтанатта да өнөрүн тартуулаган.
«Сыйлык меники болгону менен, сыймык элдики болот. Бизди эл гана даңазалап турат. Президентибиз Алмаз Шаршеновичтин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп башым асманга жетти. Бооруна кысып, «ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың» дегени алигиче кулагымдан кетпей жаңырып турат. Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мираманович ордунан тура калып, жардамчыларына мен үчүн белек кылып бир унаа жана Андижандан үй берилсин деген тапшырмасы өмүрү эл алдында толкундабаган денемди калтырата салды. Ал учурдагы кубанычты тажрыйбасыз акындык өнөр менен да сүрөттөп бере албайм. Мен ал жерде элдин суранычын айтып, көз алдына элдин арманын ыр менен чагылдырууга аракет кылдым. Эки элдин, өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн достугуна жакшылап көңүл буруу абдан маанилүү экенин даңазалап ырдадым», — деди төкмө акын.
И.Айитбаев англис тилчи мугалим. Учурда кыргыз, орус, өзбек, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Төкмө акын жубайы менен бирге 3 кызга тарбия берип жатышат.
Булак:turmush.kg canada online amoxicillian.