Отуз жылдан бери карай улуттук идеология аксап келатат. Аксамак тургай биротоло боткосу аралашып калды. Ошонун айынан кыргыз мамлекетинде батышчыл идеологиянын куйруктары күндөн-күнгөөөрчүп, өзүнүн ниетине жетүүгө чамгарактап баратканы кооптондурат. Муну туйган дили таза адамдар канчалык буркан-шаркан түшүп бакырса да алардын үнү туңгуюкка кептелүүдө. Анткени керек болсо кезинде өлкөнү чала-була башкаргандар тизгинди колуна имерип алууга, кайрадан өздөрү эңсеген чекти багындырууга көздөрү сегиз, ойлору семиз болгону ачыкталды. Тилекке каршы көөдөнү “сокур башкаруучулар” ошолордун жетегинде болуп калганы өтө опурталдуу.
Айрыкча муктаждык жаралганда жарганаттай болуп бийлик төбөлдөрүнүн “койнуна” култ деп кире калган, батыштын буйругун аткарууга жанталашкандардын мүдөөсүнө жеткени ого бетер коомчулуктун “чыйканын” шишитип жиберүүдө. Чапса да, ийне сайса да жарылбаган шишиктин коркунучу биринчи кезекте элге тиерин негедир бийлик тооткусу келбейт. Кандай ири салтанат болсо ажонун жанында кайкалап баскан Роза Отунбаеванын карааны улам барган сайын көзгө тирсек чыгарууда. Ага карабай эле мурдагы кеткен президентке сөйкөнгөнүнөн улам “бирөөнүн” жакынсынганын деле улантканы жакшы жышаан эместир? Кайсыл жерде чуулуу “кулак” тикчийсе ошо жерден мурду келтейип көрүнгөн батышчыл эрендердин өнөрү катуулап кетип бараткандай. Айрыкча улуттук маданий борбордо жылаңачтанган көргөзмөнү колдогондор ачыктала түштү. А. Шыкмаматов, Садык Шер, Чыныбай Турсунбековдордун сыйпалатма кептери жанга тийди. Ошол эле Өмүрбек Текебаев түздөн-түз эле чогуу жүргөн апчесине чаң жугузбоонун амалында болду. Бирок, канча жылмаласа да баамдуу кишиге жасалмасы байкалып калды. Булар бир “үйүрдүн” саясатчылары, демек эч кандай каршылыктарга барышпайт. Айрыкча шайлоо жакындап келатканда. Булар деле бийликтин бир бучкагын кармап калууга сөзсүз кызыктар. Асия Сасыкбаева, башка НПОчулар деле Роза апчесин колдоору айныксыз. Негизи мындай “сөксөөлдөр” улам тыбырап, жыбырап арбыганы көңүлдү эңшерет.
Бийлик деле аларга таасирдүү каршылык көрсөтө албайт. Анткени жооптуу мезгилде араң тапкан “шериктеринен” четте калгылары жок. Атаганат, улуттук идеологиянын ишпалдасы чыкканына, ошол үчүн чээнден кеп жебестер, ар кандай агымдар койдун корголундай томолонуп көбөйгөнү ичти уйгу-туйгуга салат. Аттиң, бирок, кепшегенден майнап чыкпай, туура айтканды, кан какшап кеңеш бергендерди душман катары баалашканы жакаңды карматат. Кайсыл күнү, кайсыл кут түшкөн маалда биздин улуттук идеологияны чыйырга салып, нарк-насилибизди, баалуулуктарыбызды, дөөлөтүбүздү барктап көтөрөр журт башчы келер экен? Карманган түз багыты жок, айлан-көчөк болгондон чыгалбаган бийликтен кандай ийгиликтерди күтмөк элек? Жадегенде оболу батышчыл НПОлордон, кооптуу диний агымдардан, ички “душмандардан” оолак болсок алга карай кетүүгө жол ачылмак. Улуттун бийик дөөлөттөрүн элге жайылткан, жаштардын жүрөгүнө мекенчилдик сезимди коргошундай уюткан, келечектен үмүт жандырган идеологияны жандандыруу мезгилдин өктөм талабы экендигин көңүлдөн чыгарбоо кажет. Антсе да бул чындык сунуштарды кулак сыртында калтырып жатканы бийликтин акыры келип башына тиер муш экенин деле жашырууга болбостур?
Булак: Ачык сөз