22-апрель күнү Нарын облусунда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремизмди жана терроризмди жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун, аларга карата жасалган кылмыштуулукту алдын алуу” боюнча атайын форум өткөрүлдү. Форум тыныгуусуз бир отурум менен жыйынтыкталды.
Форумга Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Ички иштер министринин коомдук кеңешчиси, «Генералдар клубунун» жетекчиси Садырбек Дубанаев, Нарын облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурунку жетекчиси Орозмолдо Сариев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, шаардык кеңештин депутаттары жана ошондой эле облустук дин мекемелеринин башчылары, аксакалдар соту, мугалимдер жамааты, Аялдар кеңеши, билим берүү органдары катышты.
Форумдун негизги максаты – экстремизмге жана терроризмге, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш аракеттерди күчөтүү менен бирдикте натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу болду. Мындан тышкары, форумда жаш өспүрүмдөр жана аларга карата жасалган кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселе талкууга алынды. Жогоруда белгиленген маселелерди ортого салып, талкуулап, жыйынтыгы менен алдыга максат коюп, алардын аткарылыш механизми болгон форумдун резолюциясы кабыл алынды.
Бул иш чарада эки маселе каралды. Биринчиси – экстремизмди жана терроризмди, ошону менен бирге жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу. Экинчиси — форумда талкууланган маселердин жыйынтыгына жараша резолюция кабыл алуу.
Ички иштер министрлиги менен облустун жетекчилиги бул форумдан кийин Нарын облустук ИИБсынын толук оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратынын ачылышына жана спорт залынын башталышына катышып, жаңы иш бөлмөлөр менен таанышып чыгышты. Имаратты оңдоп-түзөө иштерине баш-аягы болуп кырк эки миллион сом мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген. Бул сумманын негизинде жыйырма беш миллион сомго бардык шарттары менен спортзал курулмакчы. Спортзалдын пайдубалына Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү иш башы кылып берди. Курулушту ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгы толук башынан аягына чейин бүтүрүүнү моюндарына алышкан.
Темирлан Сейитбек уулу