Домой Саясат Ибраимов ишти билет, билбейт…

Ибраимов ишти билет, билбейт…

51

Албек Ибраимов

Учурда Бишкек шаарынын мэри болот деген божомолдордун көбү КСДПчы Албек Ибраимовго токтолуп турат. Мэрди шайлоо 27-февралга белгиленип, борбор шаардын 45 депутатынын тандоосуна коюлат. 45 депутаттын 23чү КСДПчылар. Демек, мэрди шайлоо маселеси КСДПчылардын колунда. Ал эми мэр болууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп, ташы өйдө кулап турган Албек мырза Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири. Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарында. Бир кезде “Кыргызавтомашта” бирге иштешкен. 2010-жылдан тарта: “Дастан” заводун, Бишкек ЭЭАсын жана “Манас” эл аралык аэропортун жетектеди. Өткөн жылы КСДП менен шайлоого катышып, тизмеде 42чи эле. Бул адамдын тажрыйбасы мол болсо да, иштин көзүн мыкты билет деп айтууга болбос. Себеби, “Дастанда” кандай деңгээлде иштегени көпчүлүккө белгисиз. Бишкек ЭЭАсын жетектеп, чоң ийгиликтерге жетишкен эмес. “Манасты” башкарып турган кезде, бир топ баш аламандыктарга жол берди делип, катуу сындалып, кызматтан кетип, дароо эле Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. Ибраимов мэр болуп калса, Бишкекти гүлдөтүп, көп нерсени өзгөртө албас, анткени реформалык иштерге тиши анчалык өтө бербейт. Ошондой болсо да, Кулматовдой жүдөбөй, ортодон жогору иштеп кетүүгө кудуреттүү десек болчудай.