Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садык Шер Нияз президенттикке талапкерлигин койгонун жарыялаган эле. Президенттик шайлоодогу ат салышта сүрөй турган мыкты командасын түзуп жатканын да элден жашырбай, өзүнүн фейсбук баракчасына жарылады. Анда: «Эми эл журтка президенттике аттандым деп жарыя салгандан кийин ишти баштайлы. Эң биринчи элге идеяларды жеткизүү үчүн пресса керек экенин баарыбыз түшүнөбүз. Көптөгөн журналисттер чалып жардам берип, жанымда жүрөөрүн билдирип жатышат. Арасынан мага иши менен да сөзү менен да көңүлүмө жаккан эки азаматка токтодум. Ибраим Нуракун уулу дасыккан профессионал, акыркы жумушу-Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси, бир катар газеталарда баш редактор кызматын аркалаган. Шайырбек Абдырахман уулу, ЭЛТРди ЭЛТР кылып элге тааныткан, КТРКнын башчысынын орун басарлык кызматын аркалаган, кадимки ДОБУШ программасы менен журтка таанылган эрктүү эрен. Экөө тең шайлоо боюнча мага пресс катчы боло турган болду. Эми баатырлар “Учкашпа, учкашсаң түшө качпа” деп айтаар элем. Жараткан бизге жар болсун»,-деп жазган Садык Шер-Нияз.
Ибрагим Нуракун уулу Садык Шер Ниязга пресс катчы болду
Булак:kompromiss.kg