Нарын шаарынын «Дордой» командасы 2019-2020-жылдардагы хоккей сезонунда Кыргызстандын чемпиону болду.
КРнын Шайба Хоккей Федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдиргендей, финалдык раунддун беттештери 26-29-ноябрь күндөрү Бишкекте Шаардык муз тебүү аянтчасында өттү. Медалдар үчүн күрөштү өз ара ийримде ойногон 4 команда катышты.
Эки турдун жыйынтыгында «Дордой» өлкө чемпиону аталды. Экинчи орунду борбор калаанын «Кыргыз темир жолу» командасы, үчүнчү орунду «Нарын шумкарлары» ээледи.
2019-2020 сезонунун мыкты оюнчулары:
Мыкты дарбазачы: Кайрат Тимуров (KTZ)
Мыкты коргоочу: Жыргал Бакиров (Нарын Хокс)
Мыкты бомбардир: Эрсултан Мирбеков (Дордой)
Мыкты оюнчу: Ислам Абдраев (KTZ)