Домой Дүйнөдө Харьковдогу мыкаачылык: Жылаңач аялдын колундагы баштыктан окуучу кыздын башы табылды

Харьковдогу мыкаачылык: Жылаңач аялдын колундагы баштыктан окуучу кыздын башы табылды

354

Украинанын Харьков шаарындагы көчөдөн кармалган жылаңач аялдын колундагы баштыктан өспүрүм кыздын башы табылды. Маркум ошол аялдын кызы экени, аялдын колунда бычак да болгону тууралуу маалыматты «Focus.ua» басылмасы жазды.

Полициянын маалыматы боюнча, аялды күч органдарынын кызматкерлери тапкан. Ал аял окуя тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Ал эми бүгүн, 30-апрелде эртең менен полицияга 40 жаштагы тургун кайрылган. Анын айтымында, үйүндө 38 жаштагы карындашы жана 11 жаштагы жээни (кыз) менен чогуу жашап жаткан. Эртең менен жээнинин башы жок денесин үйүнөн тапкан.

Кошуналарынын айтымы боюнча, 38 жаштагы аял өзүн жакшы алып жүрчү жана иштеп жүргөн. Алар жакыр болгонуна карабай окуучу кызына жакшы кам көрүлүп, мектепте билим алып жаткан. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Булак: Баракелде