MegaCom’дун абоненттери “Хайп” жаңы тарифи тууралуу социалдык тармактарга, жарнамалык материалдарга расмий түрдө чыкканга чейин эле билип алышты. Абоненттердин арасында атайын кызыгуу жаратуу үчүн болгон бул кадам ийгиликтүү ишке ашты. “Хайп” кандай тариф? Кандай шарттарды сунуш кылат? Буга чейинки тарифтерден эмнеси менен өзгөчөлөнө алат?” деген сыяктуу көптөгөн суроолор пайда боло баштады. Бул суроолорго жоопту жана жаңы тариф тууралуу пайдалуу маалыматтарды MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Юлия Саулина сунуштайт.
- Юлия, жаны “Хайп” тарифи тууралуу айтып берсеңиз. Анын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктүрү эмнеде?
- “Хайп” – MegaCom’дун негизги тарифтик планы. Буга чейин жергиликтүү телекоммуникациялык чөйрөдө мындай ачылыш боло элегин ишенимдүү айта алабыз. “Хайп” –абоненттерге буга чейин зарыл болуп келген нерсе. Бүгүнкү күндө өлкөдө мобилдик интернет колдонуучулардын саны кескин көбөйүүдө. Ошондуктан жаңы тариф өзүнө көп көлөмдөгү интернет-трафикти, кошумча лимитсиз опцияларды камтыды. “Хайп” тарифин кызыктуу “фишкалардын” топтому десек болот. Ал өзүнүн 3 негизги пакетин сунуштайт.
- Sпакети–айсайын 250 сомабоненттик төлөм менен 20 ГБ интернет.
- М пакети – ай сайын 400 сом абоненттик төлөм менен 50 ГБ интернет.
- Lпакети – ай сайын 600 сом абоненттик төлөм менен 100 ГБ интернет.
Андан да кызыгы “Хайпта” ар бир пакеттеги максималдуу ылдамдыктагы көлөмү чоң интернеттен сырткары Одноклассники социалдык тармагына бекер трафик, түйүн ичинде бекер SMS жөнөтүү жана 24 саат бою акысыз чалуу кызматы каралган. Ал эми тарифтин өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылсак, абоненттер бир айдын ичинде
королбой артып калган ГБтарын кийинки айга которо алат. Тагыраак айтканда, коробой калган гигабайттар күйүп кетет деп мындан ары тынчсызданбай эле койсоңуздар болот. Ал эми трафикти ашыгы менен колдонуп, кошумча төлөм кылуу керек деп да ойлонбоңуз. Тарифке “дароо блокто”функциясы коюлган. ГБ түгөнгөндөже кезектеги төлөм кылынбаганда функция автоматтык түрдө интернетти блоктойт. Абоненттерге төлөм киргизүүнү да жеңилдеттик. Ай сайын төлөм кылууга убактыңыз болбосо Cash Back акциясын киргиздик. Тандаган пакетиңиздин төлөмүн жарым жылга алдыга төлөп койсо болот. Жазылуу түрүндө жүргүзүлгөн акция менен 1440 сом үнөмдөй аласыз.
- Шарттар жөнөкөй экен. Ошентсе да жаңы тарифке кошулуунун кошумча шарттары да болсо керек?
- “Хайпка” эски тарифтен өтүүгө мүмкүн эмес. Эгер жаңы тарифке кошулууну кааласаңыз “755” коду менен SIM-карта алуу керек. “Хайптын” бир талабы жогоруда биз айткан пакеттин бирин кошуу керек. Пакеттерди каалоңузга жараша өзгөртө бересиз. Абоненттер үчүн дагы бир артыкчылык: абоненттик төлөм аткарылбаса же баланста каражат жок болсо, MegaChat кызматы иштей берет. Тагыраагы, “Хайп” тарифиндеги абоненттер чат аркылуу сүйлөшүүлөрдү, СМС билдирүү кызматтарын пайдалана алат.
- Жогорудагы пакеттер жөнүндө айтсаңыз, ар биринин артыкчылыгы эмнеде?
- Lпакети үчөөнүн арасынан эң “оору”. Анткени ал өзүнө эң көп тарифтик өлчөмдөгү гигабайтты камтыйт. Максималдык ылдамдыктагы 100 ГБ интернет менен каалаган тасманы көрүп, социалдык тармакта кенен баарлашып, оюн ойноп, түз эфирдеги трансляцияларды көрүүгө болот. Интернеттин көлөмү кенен жетет.
M пакети интернет-трафик менен түйүн ичиндеги бекер
сүйлөшүүлөргө маани бергендер үчүн. Пакетте 50 ГБ интернет жана түйүн ичиндеги бекер баарлашуу, SMS билдирүүлөр каралган.
S эң “жеңил”пакет. Интернет-трафик жетиштүү көлөмдө. 20 ГБ интернет жетишсиз болсо, автоматтык функция менен кошумча өлчөмдөгү интернет ала аласыз. Ар бир пакет түйүн ичинде бекер баарлашуу, SMS кызматын жана Одноклассники сайтына кирип баарлашууга бекер пакет сунуштайт. Үч пакет тең 24/7 онлайн форматында иш алып баруу үчүн идеалдуу деп саналат.
- buy finasteride 1mg generic usa. Тариф кайсы аудиторияга ылайыкталган?
- “Хайп” (кымгуут) деген сөз жаштарга ылайыктуу. Балким,улуу муунга жаштардын саркеч сөздөрү түшүнүксүз болор. Бирок бүгүнкү күндө максималдуу ылдамдыктагы интернетти жаш куракка карабай баары колдонуп келгени маалым. Андыктан тариф универсалдуу, баарына бирдей пайдалуу. Бүгүнкү динамикалык жашоонун ыргагына жараша жаңы тарифтик план чыгардык. Колдонууда ашыкча суроо жаратпаган жеңил тариф. Берип аткан төлөмү үчүн биздин абоненттер сапаттуу кызмат көрүүсү керек. Мунун баарын “Хайп” тарифи өзүнө камтыды.