Домой Саясат Хабибула Абдукадыр Европа жана АКШдан кыймылсыз мүлк сатып алууга миллиондорду жумшаган

Хабибула Абдукадыр Европа жана АКШдан кыймылсыз мүлк сатып алууга миллиондорду жумшаган

1976

2012-жылдан тарта Кыргызстандан миллиондогон доллар Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы банк эсептерине бир үй бүлө үчүн чыгарылып турган.

Акчанын көбү Перс булуңунан тарта Калифорниянын жээктерине чейин кымбат баадагы кыймылсыз мүлккө кеткен.

Мүлктүн тизмесинде Лондондун кымбат райондорунун бириндеги жер үй, Вашингтон шаарына чукул жердеги 1,2 миллион долларлык үй бар. Инвестициялык долбоорго Дубайдагы 26 кабат имарат да кирген.

Айрым жогорку класстагы кыймылсыз мүлк белгисиз себептерден улам курулбай токтоп калганы суроо жаратат.

Германиянын Аугсбург шаарынын депутаттары сырдуу курулуштардын биринин “инвестору же архитектору ушу күндөрү барбы, же дайынсыз жоголдубу” деп кызыгышкан.

“Азаттык” радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин бул иликтөөсү ушул суроого жооп издеп, бул инвестициялардын артында турган миллиондор дүйнөнүн башка тарабындагы көмүскө ишкердик менен байланышта экенин көрсөтөт.

Булак: centralasian