Домой Коом Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат

Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат

49

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат. Алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынганын Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 19-декабрда ырастады.

Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар. Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.

13-декабрда «Азаттыкка» Хабаровскидеги мигранттар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою сабашканын билдиришкен. Бул окуя боюнча Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктаган.