Куралдуу күчтөр аймактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык милдеттерди гана аткарбастан, социалдык жана гуманитардык маселелерди чечүүгө да активдүү катыша алышат. Кантта жайгашкан бириккен россиялык аскер базасынын өздүк курамы өз ишмердүүлүгүндө ушундай принциптерди карманат.
Жаңы жылдын алдында аскер кызматкерлери Канттагы «Үмүт» балдардын реабилитациялык борборуна барып келишкен. Алар балдарды жана борбордун кызматкерлерин алдыдагы майрамдары менен куттуктап, белектерди: таттууларды, китептерди жана өнүктүрүүчү оюнчуктарды тапшырышты.
Борбордун жетекчилиги аскерлерге үзгүлтүксүз көңүл буруп, жардам көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирип, россиялык авиабаза жашоо шарты оор балдарды ар дайым колдоп келишерин баса белгилешти. Буга чейин база борборго жардам көрсөтүп, узак мөөнөткө сактала турган азыктарды, кийим-кече, оюнчуктарды жана канцелярия буюмдарын жөнөткөн.
Мындан тышкары, борборго келердин алдында бир апта мурда россиялык аскер кызматкерлери донордук акцияга катышып, Республикалык кан борборуна кан тапшырышкан. Процедуранын алдында алар медициналык текшерүүдөн өтүп, донордун укуктары жана милдеттери менен таанышып чыгышкан. Тапшырылган кан жана анын компоненттери милдеттүү түрдөгү карантинден кийин Кыргызстандын ооруканаларына берилет. Көптөгөн аскер кызматкерлери үчүн донорлук салтка айланып, алар мындай акцияларга өз туугандарын жана жакындарын да тартып келишет.
Жалпысынан авиабазанын өздүк курамы ар түрдүү гуманитардык программаларга үзгүлтүксүз катышып турат. Алсак, өткөн жылы Канттагы авиабаза аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, социалдык мекемелерге, карылар үйлөрүнө жана майыптуулугу барларга 15 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөткөн. Жардамдын бир бөлүгү муктаждарга таркатуу үчүн чиркөөлөргө жана мечиттерге жөнөтүлгөн.
Ошону менен катар, албетте, ЖККУнун абадан коргонуу боюнча бирдиктүү тутумунун башкы объекти катары «Кант» авиабазасынын негизги милдети – бул Кыргызстанды жана аймакты барган сайын реалдуу болуп бара жаткан тышкы коркунучтардан коргоо.
Ооган фактору баштагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн негизги чакырыктардын бири болуп саналат. «Талибан» өлкөнү жана соода алакаларын калыбына келтирүү менен алектенип жаткан учурда, анын курамына кирген топтор мурдагыдай эле коркунуч бойдон калууда.
«Талибандын» түзүлүшү – бул тармактуу модель экенин түшүнүү керек. Анын алкагында так географиялык жайгашкан орду жок түрдүү талаа командирлери көтөрүлгөн. Демек, Борбор Азия өзүнүн көмүскө радикалдык түзүмдөрү менен бул моделде маанилүү орунду ээлейт.
Ооганстандын түндүгүндөгү радикалдык топтор өзгөчө коркунуч туудурат. Аталган топтордун айрымдарын батыштык атайын кызматтар көзөмөлдөйт. Бул түзүлүштөр да өтө коркунучтуу, анткени алар америкалык аскерлер калтырган заманбап куралдар менен жабдылган.
Ошондой эле бүгүнкү күндө Сириядагы кырдаал дагы Борбор Азия үчүн тобокелдиктерди жаратып турат. Эксперттердин пикиринде, жагдайдын жакын арада турукташуусу күмөн. Анда бийликке келген «Хайят Тахрир аш-Шам» (ХТШ) террордук тобу жетишкен «ийгилигине» шыктанып, өз идеологиясын дүйнөнүн башка жерлерине экспорттоого аракет кылуусу мүмкүн. Муну менен бирге ХТШ – бул кесипкөй жихадчылар экенин жана алардын 30 пайызы Борбор Азиядан чыкканын түшүнүү кажет. Алар сириялык сценарийди өз мекенинде ишке ашырууну каалашы мүмкүн.
«Дүйнөнүн заманбап геосаясий түзүлүшү жогорку туруксуздугу менен мүнөздөлөт. Так туруктуулук жок, кескин өзгөрүүлөргө дуушар болгон система тең салмакты сактоого тырышууда. Өлкөлөр бүгүнкү күндө эл аралык кызматташуу жана маалымат алмашууда бир топ тажрыйба топтошту. Бирок Бреттон-Вуд келишими сыяктуу тарыхый чечимдер глобалдык финансы тутумуна таасир этүүнү улантууда. Ушул келишим негизги дүйнөлүк резервдик валюта катары АКШ долларын бекиткен. Бул Американын экономикасына жана Федералдык резервдик системага эл аралык эсептерде долларды колдонуудан олуттуу пайда алууга мүмкүндүк берди. Мындай диспропорция АКШ иш жүзүндө доллар эмиссиясынын башкарылгыс жөндөмүнө ээ экендигине алып келет, бул көбүнчө дүйнөлүк экономисттер тарабынан сынга алынат. Ушундай мамиле саясий жана экономикалык туруксуздуктун негизи болуп саналган негизги айырмачылыктарды жаратат. Белгиленген карама-каршылыктарды аймакка, динге жана башка геосаясий факторлорго байланыштуу чыр-чатактар күчөтүп жатат, мындан улам дүйнөдө кырдаал курч бойдон калууда», — дейт саясат таануучу Бакыт Бакетаев.
Анын айтымында, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан дагы бул кысымды сезип жатат. Мүмкүн болгон глобалдык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен аймактын өлкөлөрү аярлуу абалда калбаш үчүн ар кандай сценарийлерге даяр турушу маанилүү.
«Менин көз карашымда, бул өңүттөн алганда, россиялык аскер базасынын болушу туруктуулукту чыңдоого шарт түзөт. Россия менен Кыргызстанды жалпы тарыхый, маданий жана идеологиялык өзөк байланыштырып турат, бул өз ара ишенимди жана коопсуздукту сактоого көмөктөшөт. Ал ошондой эле бизге руханий күч берет. Аң-сезимдүү жана руханий туруктуу мамиле кыйла акылдуу жана көрөгөч чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болот, бул аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо өзгөчө актуалдуу. Канттагы авиабаза боюнча макулдашууну ратификациялоо процессине катышкан адам катары мен муну улуттук коопсуздукту чыңдоого кошкон маанилүү салым катары баалайм», — деп жыйынтыктады эксперт.
Ошентип, Канттагы россиялык аскердик базанын болушу Кыргызстанда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө олуттуу роль ойнойт. Кызматты гуманитардык жана социалдык демилгелерге активдүү катышуу менен айкалыштырган россиялык аскерлер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөт. Глобалдык туруксуздук жана аймактык чакырыктардын шартында мындай колдоо Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй аймак үчүн да туруктуу өнүгүүнүн жана коопсуздуктун кепилдигине айланат.