Домой Кылмыш Блоггер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

Блоггер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

99

Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен таанымал  Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Милиция билдиргендей, буга чейин Мамытбекти алдамчылыкка айыптаган 7 жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Алардын айтымында, ал «кыска убакытта чоң киреше»  убада кылган, бирок ишенчээк жарандардан акча алган блоггер убадасын аткарбай, жашынып кеткен. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң сомдон ашкан.

25-октябрда чет өлкөдө жүргөн Гүлзат Мамытбек Кыргызстанга кайтып келген. Ал биринчи Май райондук милициясы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.