Домой Коом Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип, издөө жарыяланды. Окуянын чоо-жайы жана ырчынын жообу

Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип, издөө жарыяланды. Окуянын чоо-жайы жана ырчынын жообу

2950

Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбек укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүрөт. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, ырчыга карата “алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке жогорудагы маалымат боюнча байланышканыбызда, буларга токтолду.

“Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам.

Мен башка өлкөдө болсом дагы бардык тиешелүү иштерди жасайм, аягына чейин күрөшөм”, – дейт ал.

Ырчы айым мурдагы жолдошу экөөнүн чырын баяндаган кыска видео тартып, анда президенттен жардам сураган.