Адамзаттын башына тирүүлүктө эмне деген сыноолор келбейт. Мен дагы башымдан өткөн сыноолорду сиздер менен бөлүшкүм келип турат.
Ата-энем бардар жашоодо жашайт. 4 эркек бир туугандарымдын арасында жалгыз эрке кызы мен болуп өстүм. Баарысы өз жашоолорун куруп, эл катары турмуш кечирип, башкысы жеңелерим менен ынтымакта бактылуу жашашат. Эркек балдарга салыштырмалуу кыз кишинин жеке турмушу татаал болот экен.
Эл катары ЖОЖдордун бирин мыкты деген студенттердин катарын толуктап жакшы окуп аяктадым. ЖОЖдо окуп жүргөндө группалаш балам мага ашык болгонун айтып, сүйүүсүн арнап, жүрөгүмдү багындырды. Жигитим менин иштешиме каршы болуп, экөөбүз үйлөнүү тууралуу чечим кабыл алып ата-энелерибизди тааныштырмай болдук.
Ата-энелерибиз биринчи ирет таанышканда эле эмнегедир бири-бирин жакшы жактырбай отурушту. Өзгөчө жолдошумдун апасы кабагын ачпайт. Биз анчейин ал салкын мамилеге маани бербей тойду элестетип толкундап отурдук. Биз сунуштаган күнү той кылып беришти, биз каалаган өлкөдө бал айын өткөрүп келдик. Жаңы турмуш, жаңы жашоого, бүтпөгөн кыялдарга жетеленип абдан бактылуу күндөрдү өткөрдүк.
Биздин бактылуу күндөр көпкө созулбады. Бал айын өткөрүп келгенибизде эле кайненем кабагын ачпай тосуп алды “мына, акчанын баарын абага сапарып үйлөндүңөр, эми ошол акчалардын эсебин чыгарып ордуна коюп койгула”- деди. Мен анын бул сөзү катуу тийсе да, анчалык маани берген жокмун. Жолдошум күлүп эле “өзүңүз айткандай бай жердин кызын алдым го апа. Гүлзана акчалардын ордун ар бир байкесинен аз-аздан сураса да толуктап берээр”-деди. Мен ал диалогду тамаша катары кабылдап үй түйшүгү менен алаксып жүрө бердим.
Арадан 1 ай убакыт өтпөй үйгө банктан “кредитти өз убагында төлөгүлө”- деп адамдар келе баштады. Жолдошум “жаңы тириликпиз сенин дагы төркүнүң жардам берсин! Байкелериң жалгыз карындашына жардам бере албайбы”-дегенинен, үйдөгүлөрдөн акча алып келип берип жүрдүм. Бул нерсе бир эмес бир канча жолу кайталана бергендиктен үйдөгүлөр да мен барганда дагы эмне сурайт болду экен деп кыжаалат боло башташты. Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн төркүнүмө болгон сыйым жоголуп баратканын сездим. Бирок жаңы курган үй бүлөм үчүн каражат табышым керек болчу. Бир күнү суранып алам, бир күнү коркутуп алмай адат болду. Менин көңүлүмдү ооруткусу келбеген байкелерим жеңелеримден бекитип акча таап беришет.
Жашоом башталганы кыйналып жүргөнүмдү көргөн апам кеч боло электе бир чечимге келип алсаңчы деп көп жолу айтты. Ажырашып алсам жашоом кандай болоорун ойлоп көгөрүп чыдап жашап жүрө бердим. Бир күнү төркүнүм бизди конокко чакырып “силерге чакан тез тамактануучу жай ачып берели жашоо-тирилигиңерди оңдоп алгыла”-деди. Кубанычымда чек жок эле. Чынын айтсам эки ортодо калып абдан чөгүп кыйналып кеткем. Үйгө келип эле кайненеме кубанычтуу кабарыбызды айттык. Ал дайымкысындай мурдун чүйрүп койду.
Тез тамактануучу жайыбыздан акча биз каалагандай түшүп бир топ тирилигибизди оңдоп алдык. Тирилигибиз оңолгон сайын жолдошум да, кайненем да мүнөз күтүп калды. Мен кош бойлуу болуп үйдө отуруп калгам. Жолдошум мени теңсинбей ар кандай кыздарга кетип калып жүрдү. Кайненем ушунча каражат менин төркүндөрүм бергенин унутуп, ата-энемди басмырлап өзгөрүп кетти. Айда жылда бир келген кудаларына куру чай берип узатып, алардын алдында менин кемчиликтеримди айтып жүрөгүн оорутканды адат кылып алды.
Убакыт келип балалуу болдук. Балама күйөөм, кайненем сыртын салып мамиле кылды. Муздак мамилеге тумчуккан мен бул үйдөн кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Кээ бирөөлөр көрсө бакытты акча менен өлчөшөт экен. Ата-энемдерге түйшүк жараткым келген жок. Балам менен батирге чыктым. Мага кабатыр болгон бир туугандарым бул жолу да жардамдарын аяган жок. Катачылык кетирсем дагы мени, баламды кодулабай көкөлөтүп караган бир туугандарыма ыраазымын. Ата-энем бизди биримдиктүү кылып тарбия бергенине рахмат. Кыз балага аяр мамиле жасап, кадырлап төрдөн орун берген, «жеңилимди жерден, оорумду колдон алган» төркүндөр бар болсун.
Булак: Багыт