Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова талкууга түшкөн билдирүүсү тууралуу үн катты.
“Рахмат! Ооба! Сөздөрүмө жана иш-аракеттериме жооптуумун! Бирок, ал жеке твит болчу. Жеке! Эч кимге тиешеси жок! Мааниси башка, твиттердин форматы негизи башка!Түшүндүрмөсү да болгон! Тилекке карышы – айрым жалданган адамдар, өз кызыкчылыгында сөздөрдү бурмалап таптакыр башка мааниде колдонушкан. Бирок, коомдо баары уялып, 29 жыл унчукпай келген темага дискурс, талкуу, ой ордо сүйлөшүү, ой жүгүртүү пайда болду. Мындай актуалдуу диалог үчүн, ар бириңизге ыраазычылык билдирем. Чыныгы достуктан коркпогон досторума рахмат. Эң башкысы, өмүр үчүн коркуу жаралып, карантинден чарчап турган, пандемия убагында, элиме, мекениме кызмат көрсөтүп жатканыма кубанычтамын! Пандемия бул согуш! Согушту башынан өткөргөн Фейсбуктун колдонуучуларынын саны абдан аз. Согуштун убагында элдин бугу чыгыш керек, ал дагы бир кызмат, ал дагы кара жумуш. Бул менин кызматым! Менин милдетим! Азыр бир гана тилек: эч ким оорубасын! Ар бирөөңөр өзүңөргө керексиздер! Үй-бүлөңүздөргө керексиздер! Айкөл кыргыз эли аман болсун! Оорубаңыздар! Арыбаңыздар!”,-деп билдирүү калтырган.
Булак: Багыт