Гуля Алмамбетованын бул “учкул сөзүн” колдогондор да болуп, коомчулукта чоң резонанс менен талкууга түшкөн. Бирок депутат Махабат Мавлянова журналисттерге интервью берип, Алмамбетова эмоцияга алдырып, аны туура эмес түшүнүп алганын, ага кек сактабай турганын, аны жумуштан кетирүүгө каршы экенин билдирген. Ошону менен жаңжал тутанбай өчүп, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калган”.
2020-жылдын 20-март күнү КТРКнын мурунку гендиректору Илим Карыпбеков расмий жарыяланган маалымат боюнча Кыргызстанда 3 эле киши коронавируска чалдыкканына карабай өзүнүн твиттердеги баракчасына “жуктуруп алгандардын саны 27” деп жазды. Анын бул твитине жооп кылып Бишкектин мэринин кенешчиси Алмамбетова: “Илим, блядь, коюңузчу, пусть инфо даёт штаб” деп сөгүп, кебез менен мууздагандай эле кылды. Карыпбеков каяша айтпады.
Карыпбеков бир айдан кийин, бүгүн гана, 18-апрелде жообун берип пост жазды:
Интеллигент мэрден интеллигенттүү сөккү.
******
Бул киши (Гуля Алмамбетова) сөкпөгөн адам аз эле калды. Депутатты деле сөгөт, көп балалууларды деле сөгөт. Баарын эле шалпылдатып сөгүп эле атат эч нерсесин калтырбай. Таарынайын десең барпалаңдап элге зыяны жок Балбак байке деле сөккү жеди. А бирок бул киши расмий мамлекеттик кызматкер, мэрдин кеңешчиси болгон бойдон былк этпейт.
*****
Ушундан улам ойлоп койдум, бул кишиде деле күнөө жок окшойт, простоле тиги мэр байке интеллигент адам эмеспи. Анан өзү ачык сөгө албай, сөккүсү келгенде эле бул кишини чакырып тафай дегенде, бул киши ашатат окшойт. Такшто нормалдуу, отура берели унчукпай интеллигент мэрден интеллигенттүү сөккү угуууп коюп.
Бул фотоколлаж Гуля Алмамбетованын баракчасынан алынды.
2020-жылдын 8-апрелинен баштап мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова менен Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаевдин ортосунда жаңжал, тирешүү башталат.
8-апрель күнү Исмаил Матраимов фонду Бишкек шаарынын калкынын аярлуу катмарына 50 тонна ун жардамга берип, аны кабыл алган Балбак Түлөбаев Исмаил Матраимов фондунун дарегине жылуу ыраазычылыгын билдирет. Алмамбетованын ал учурдагы Балбакка арналган твиттери менен фейсбуктагы постторун, комментарийлерин төмөндөн окуңуздар:
8-апрель Алмамбетова: “көттөр көбөйдү, вирус дагы жетпейт экен аларга, сволуштуку”
9-апрель “потом обязательно расскажу и укажу кто есть көт”
“еблан, спрашиваю: нахой вы написали в фб, что матры помогают, а он: ишиң болбосун”
10-апрель “удалил из друзей, как он теперь будет работать вместе? если его заставили это одно, а если нет? какой смысл благодарить воров? знаю ж непонаслышке: умерший зять был пенсионером-таможенником.”
10-апрель Гуля Амамбетова бир твиттерчинин твитин өзүнүн баракчасына ретвитит этип алып чыгат:
– Б…Б…Балбак ко́т
-Ммм. Мавлян ко́т
-Эдиль ко́т
Депутаттарды айта берейинби?
-айт, баардыгын айт.
-Баардыгы ко́т
Дддагы битта Раи… деген бар, ал дагы ко́т!
12-апрель “тоже пытаются закрыть мне рот, подключены самые желтые жёлтые. у них вчера была целая тусовка, даже звёзд против меня натравливают. продолжают скидывать шефу скрины твитов, но они все забывают, что мен самурай”
“ умораааааааааа, там одна вымогательница-журналистка написала, что из-за непереводимого рашен фольклор тот, о ком не хочу даже упоминать всуе пострадал и служба тоже”
13-апрель “лучше сдохнуть от голода и вируса, чем на коленях принимать помощь воров”
13-апрель “В личном аккаунте Твиттера выразила отношение только к одному из постов Балбака Зарлыковича. Но сейчас идёт война, эмоцияга жем жедирбеш керек”
17-апрель Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова шаар четиндеги жаңы конуштарга барып келип, твиттердеги баракчасына: “Ненавижу многодетные семьи. Ненавижу” деген твит жазат.
Кайрадан социалдык тармактарда Алмамбетованы сындаган ызы-чуу көтөрүлөт. Ошондо гана ал ызы-чуулуу твитин өчүрүп, фейсбуктагы баракчасына жаңы пост жазып, түшүндүргөнгө аракет кылат:
“Мен жеке, өзүмдүн үй бүлөм жөнүндө жаздым. Апам эч кимди тааныбай калды. Ким бирөө өзүнө алса – кечирим сураймын. Эчкимиңерге мындай күндөр түшпөсүн. Көп бала – ырыс алып келет. Согуш бүтүп эл журт аман болсун. теңирим колдосун ар бир адамды. Ещё раз: твит был про мою семью! Личную! Мама с папой воспитали 13 своих детей и 27 соседских детей. Из-за карантина не имею права посещать маму, которой 85 лет, у неё старческие болезни, которыми болеет пожилой человек, отдавший ВСЮ СВОЮ ЖИЗНЬ СВОИМ И ЧУЖИМ ДЕТЯМ. Поэтому написала проклятье на свою голову, лучше бы не родилась, чтобы МОЯ МАМОЧКА ТАК НЕ МУЧАЛАСЬ И ВСЮ ЖИЗНЬ ПРОВЕЛА В ЗАБОТАХ О ДЕТЯХ.”
17-апрель мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнө каршы дагы бир фронт ачып, аны өзү иштеген сайтта жана фейсбуктан сындап жаткан журналист Баяна Кулова тууралу “Баян Кулова мстит за то, что была поймана за вымогательство у ряда моих коллег. Якобы за позитивный материал! Вот и вся разгадка!” деп жазат.
Ага жооп кылып Баяна Кулова мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна берерин билдирет.
Ошентип Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси баарын эле чекесинен сөгүп-сагып жайлап келатат. Депутатын деле сөгөт, экс-чиновникти деле сөгөт, журналистти деле сөгөт, көп балалуу энелерди деле сөгөт. Ишин кылып баарын сөгөт. Деги аман калабызбы?
Булак: KyrgyzToday.kg