can i buy tetracycline over the counter.
Кыргызстанга «MONGOL RALLY» турунун катышуучусу Грэм Донохо келди. Аталган спорттук иш-чарада 219 команда ат салышууда. Анда айдоочулар GPS навигаторду колдонбой Улуу Британиядан чыгып, Евразия чөлкөмү аркылуу Монголияга жетүүсү каралган.
Бишкек шаарында мүйүздүү саксагай автоунаасы менен жүргөн Грэм Донохо дагы аталган турга катышып, Кыргызстан аркылуу Улан-Баторго сапар тарткан. Аталган мелдештин шарты боюнча катышкан команданын унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 1,2 литрден көп болбой, 1,5 миң доллар акча төлөшү керек. Каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.
Андан сырткары, алардын жеңил машиналары бири-биринен өзгөчөлөнүп туруусу керек.
Саякатчылардын сайтындагы маалыматтарга ылайык, саксайган унаа «TEAM JACKIE MOO-ART» командасына таандык, анын тышкы жасалгасын сүрөтчү Хилари Баркер жасаган. Унаа ээси Донохонун айтымында, өзгөчөлөнгөн унаа чек арадан эч тоскоолдуксуз тез эле өтүп кетүүдө.
Булак: Спутник