Биз өзү учкан роботтор тууралуу гана көп айтып, жер жүзүндө болуп жаткан андан башка да кызыктуу жаңылыктарга көңүл бурбай калдык. Автоматташтыруу жана сенсордун өнүгүшү менен адамдар машинелерге көбүрөөк ишене башташты жана жана ташып-жеткирүү системасы үчүн акылдуу робот-жүк ташыгычтар чыныгы жардамчы болуп калышы ыктымал. “Google” компаниясы бир нече сейфи бар акылдуу машинени күбөлөндүрдү. Машине товарды жеткирчү жерге алып келет, кардар көчөгө чыгып өзүнүн сейфин таап аны атайын пинкоддун жардамы менен ачат. Жүк ташуучу машине андан ары жолун улантат.