Дени сак баланы төрөө үчүн эненин, атанын дени сак болушу шарт. Эне-баланын өлүмү эмне үчүн көбөйүп жаткандыгы, гинекологиялык оорулардын кесепеттери туурасындагы суроолорубузга тажрыйбалуу акушер-гинеколог, “Айкөл” медициналык борборунун дарыгери Максүтова Бактыгүл Асилбековна жооп берди.
— Бактыгүл эже, сизге кайсы оорулар менен бейтаптар көп кайрылышат?
— Бизге жатын моюнчасынын патологиясы менен жаш курактагылар көп кайрылышат. Миома, эндометриоз, тукумсуздуктар да көп кездешет.
— Бизде канча жаштан климакска кабылып аялдар төрөттөн калып жатышат?
— Климакс ар бир аялзатынын өзүнүн ден соолугуна жеке байланыштуу. Ал ар бир аялда ар кандай куракта кездешет. Кээде тукум куучулук жагынан да эрте климакска учураган аялдар бар. А бирок, азыркы шартта стресстер көп болуп жатат. Коомдо көйгөйлөр көп болгондуктан климакс эрте келет. Көбүнесе аялдар өздөрүн карабай, суукта, шамалда калып суук тийгенден улам жумуртка бездеринин функциясын эрте өчүрүп коюп жатышат. Албетте, убагында дарыланып, гормоналдык жактан дарыларды ичип, өзүн карап турса болот. Бирок, көптөр гормоналдык дарыларды ичкенден семирип кетебиз деп коркушат. Бирок, кээ биринин убактысы жок болсо, кай биринин дарыланганга акчасы жок болуп калат. Эрте карыгандан көрө, эртерэээк доктурларга кайрылып дарыланган жакшы деп бейтаптарыма көп айтам. Эрте келгенде дары-дармек, витаминдер менен жумуртка бездерин кайра калыбына келтирип алса болот. Жумуртка бези берчке айланып баштаганда албетте, аны айыктыруу кыйынга турат. Өзүн жакшы караган аялдар 50-55 жашта деле төрөсө болот. Бирок, ошого жетиш керек.
— Гинекологдор гормоналдык дарыларды көп жазышат, ал дарылардын аялдын организмине канчалык терс таасири бар? Себеби, гормоналдык дарыдан толуп кеттим дегендерин угуп калам…
— Гормоналдык дарыдан толуп кеттим дегендер жаӊылышат. Себеби, тажрыйбалуу гинеколог ал бейтапты изилдөөдөн өткөрүп, толук текшерип, жаш курагына, салмагына, оорусуна жараша тиешелүү гормоналдык дарыны жазат. Доктур өзүнүн билимине ишенип, дарыны туура тандашы керек. Гормоналдык дарыдан толбойт, ал жакшы натыйжасын гана берет.
— Жаш энелерге жана жаш кыздарга кандай кеӊеш бере аласыз?
— Көбүнесе аялдын жыныс органынан чыккан суюктук, контакт аркылуу кыздарына да жугат. Венерикалык оорулар таштек, шейшеп ж.б. аркылуу жугат. Кыздарыныкы да кызарып, агарган суюктук келе баштайт. Ал кыздардын кийин төрөшү кыйын болот. Кыздарга башында туура жуунганды үйрөтүш керек. Бизде көбүнчө арткы жактан калл чыккандан кийин “ эшерихия колли” деген микробдор, чүчөк курттар берки жакка өтүп влагалищага кирип кете берсе суюктуктар начар боло бериши мүмкүн. Ошондуктан астыдан артка карай аарчып, астыдан артты карай жууш керек. Эгер кызында бир маселени көрдүбү уялбай кызын гинекологго алып келип көрсөтүшү керек. Энеси өзү да убак-убагы менен гинекологго келип текшерилип турушу керек.
— Баланы кантип туура пландоо керек?
— Алдын ала план коюп, бир жолу изилденип, болочок энеде жана болочок атада инфекциянын кайсы түрү бар деп лабораторияга анализ тапшыруулары керек. Эгер инфекция бар экендиги аныкталса аялы-күйөөсү биргеликте дарылануулары абзел. Андан кийин гана баланы пландаш керек. Биз көбүнчө баланы пландабайбыз. Бойго бүткөндөн кийин инфекциянын баары чыга баштайт. Кош бойлуу учурда аялдын иммунитети алсыз болуп калат. Бул организмге стресс болот. Алгачкы учурларда токсикоздон улам эч нерсе жебей, ого бетер организм алсыз боло баштайт, баягы инфекциялар күч алат,курсактагы баланы кыйнайт. Бала кыйналып, өспөй калат. Герпес, цитомегалия вирусу баланын кебетесин бузуп, бир колу жок же бир органы жок кылып, бала ичтен өлүп калышы мүмкүн. Ошон үчүн энелерге дайыма айтып келем, баланы пландоодон мурун эки жуп толук медициналык кароодон өтүп, дарыланып чыгышы керек. Андан кийин пландаганда дени карды соо бала төрөлөт. Цитомигалия менен герпес вирусу абдан коркунучтуу, анын кесепетинен бала өлүп төрөлүп жатат, бойдон түшкөн да көп.
— Эмнеден улам жылдан-жылга эненин өлүмү көбөйүүдө?
— Эӊ биринчи себеби, аял өзүн карабайт. Баары келип каражат маселесине такалууда. Дарыланганга акчасы жетпей калат. Убагында дарылана албай, бөйрөгүнө өтүшүп кетет, аны да убагында дарылабай кош бойлуу учурда баары чыга баштайт. Жатында суусу көбөйөт же азаят, баланын тону жатындан ажырай баштайт. Ушуга окшогон себептер көп. Убагында доктурга барып, учётко отурушпайт. Толготкондо гана тез жардам чакырып төрөт үйүнө барышат. Ал жактагы акушерлер ал кош бойлуунун тарыхын билбейт, эмне оору менен ооруп, баланы кандай көтөргөнүнөн кабары жок. Ошондон улам энелердин өлүмү көбөйүүдө. Негизи бардык нерсени өз учурунда аткарган жакшы. Кош бойлуулар убагында ФАПка барып учётко отуруп, дарыгердин көзөмөлүндө болсо бала үчүн да, өзү үчүн да жакшы демекмин.
— Тажрыйбалуу гинеколог катары ЭКОго кандай көз караштасыз?
— Жакшы көз караштамын. Себеби, бизде жатын түтүкчөлөрү жок аялдар абдан көп. Алар дагы энелик бакытка балкып, балдарына энелик мээримин төгүшү керек. Болбосо, бул дүйнөнүн эмне кереги бар. Аялдын жаралгандагы бир миссиясы бала төрөп, ага туура тарбия берип, мээрим төгүү да. Эне болуп, бала кучактап өстүргөнгө не жетсин. ЭКОго баргандар туура кылышат, өзүм да даярдайм. ЭКО бул айла жоктун иши. А бирок, жатын түтүкчөсү жок болгонго чейин жүрө беришин каалабайт элем. Убагында дарыланбай жатып жатын түтүкчөсүнө инфекция барып, жабылып калып урук өтпөй калат. Үйдөн трихопол ичип коюшат. Өзүн-өзү дарылоо болбойт. Спиралды коюп алып жүрө беришет. Спираль — бул инфекцияны ташуучу. Инфекциянын баарын жатын түтүкчөсүнө ташыйт, анан жабышып калат. Ошондон улам төрөбөй калат. Андайлар, айла жок ЭКОго барышат.
— Балалуу боло албай жүргөндөр да көп болууда…
— Ар биринин өзүнүн себеби болот. Жаштарды оӊой эле дарылап койсо болот. Мага төрөй албай жүргөндөр көп келишти, мен дарылагандан кийин боюнда болуп, төрөп кетишкендер көп.
— Элдик медицинага кандай карайсыз?
— Элдик медицина менен дарыланып, жакшы болом дегендер чоӊ жаӊылышат. Айрыкча эрозияны элдик медицина менен көп дарылап жүрүшөт. Ал жөн гана убактылуу нерсе. Эрозиянын сырты эпителий менен жабылып калат дагы ичинен процесс жүрө берет. Андайларга көп кызыкпаш керек. Эрозия бар экенин билээр замат гинекологго барып, жакшы дарыланыш керек. Азыр радиотолкундуу ыкма менен жакшы дарылап жатабыз. Ал ыкма менен дарылаганда эрозия кайра кайталанбайт.
P.S. Эгерде гинекологго суроолоруӊуздар болсо бул телефон номерлерине чалсаӊыздар болот. 0777 58 23 67, 0700 58 23 67
Төлөбүбү Касымалиева