Домой Коом Географияны мыкты билген селсаякка Бишкек шаарынын комендантты жардам көрсөттү

Географияны мыкты билген селсаякка Бишкек шаарынын комендантты жардам көрсөттү

268

Буга чейин социалдык тармактарда географияны мыкты билген адам тууралуу видео тараган. 

Ал видеодогу каарманга жардам көрсөтүү үчүн баш калаабыздын коменданты белгисиз жаранды табууга элден жардам сураган.

Алмазбек Орозалиев өзүнүн интернет баракчасынан белгисиз жаран табылап ага жардам көрсөтүлгөнүн жазды:

“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат мырзага жолуктук. Алгач сиздердин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы.  Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирээт жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Кызматкерлерим тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди. Өздүгүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз. Бардыгыңыздарга ыраазычылык. Бишкек шаарында абал туруктуу жана биздин көзөмөлүбүздө”-деди ал.