Домой Маданият Геннадий Базаров “Туздуу өрөөн” тасмасын тартып жатат

Геннадий Базаров “Туздуу өрөөн” тасмасын тартып жатат

466

viamax. 1352889118

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Геннадий Базаровдун “Туздуу өрөөн” көркөм тасмасы тартылууда. Фильм драматург Мырза Гапаровдун адеп-ахлак тууралуу философиялык “Туздуу чөл” пьесасынын негизинде тартылууда. Акыркы жылдары ата-мекендик тасмалардын көбү дал ушул түштүк жээкте тартылууда. Иш үстүндөгү актерлор көзгө көрүнбөгөн дүйнөнү сезишип, аны кандайдыр бир белги катары кабыл алып жатышканын айтышат. Мистикалык кубулуштарга ээ бул аймак “Туздуу өрөөн” тасмасынын мазмуунуна шайкеш келет. Бул адеп тууралуу философиянын мисалы дейт Геннадий Базаров. Тасманын сценрайи Мырза Гапаровдун пьесасынын негизинде жазылып, прозаик жана драматургдун элесине арналган. Башкы ролдордо Эл артисттери менен Эмгек сиӊирген артисттер Марат Алышпаев, Замир Сооронбаев, Назира Мамбетова, Жамиля Сыдыкбаева, Салкын Карабаев жана башкалар. Топтун арасында Гүлсина Чотонова да бар. “Туздуу өрөөндүн” премьерасы ушул күздө болот. (Т.С.)