Домой Пайдалуу кеңеш Гендик жактан өзгөртүлгөн азыктарды кантип билсе болот?

Гендик жактан өзгөртүлгөн азыктарды кантип билсе болот?

1294

сарымсак

Кытай сарымсагы кандай өстүрүлөт?

Баарыбызга белгилүү болгондой, сарымсак (чеснок) адам баласына абдан пайдалуу жемиш жана андагы фитонцид заты вирустар менен микробдорду азыркы антибиотиктердин баарын бириктиргенден да мыкты жок кылат; ал кан айланууну жакшыртып, иммунитетти көтөрөт; өмүрдү узартат (эркектин бел кубатын да күчтөндүрөт). Бирок мунун баары табигый таза жолдор менен гана өстүрүлгөн сарымсакты колдонгон учурда болот. Эки-үч жылдан бери базарда тулкусунда бир кынтыгы жок, апакай жана кооз баштыктарга оролгон Кытай сарымсактары пайда болду. Бул көз жоосун алган сарымсактарды көргөнүңүздө эрксизден суктануу сезими менен: “Мына сага, карачы кытайларды, кандай сонун сарымсакты өстүрүшкөн!” деген ойго кетесиң. А бирок, супермаркеттерден сиз сатып алган мындай сарымсактын даамы абдан супсак келип, жогоруда айтылган касиеттердин бир да ага тиешеси жоктугун билгениңиз оңдур. Биринчиден, бул сарымсактар гендик жактан өзгөртүлгөн (ГМО) жолдор менен жасалат, экинчиден, аларды узак убакытка сактаганга мүмкүн болгудай кылып зыяндуу химикаттар менен кайра иштеп чыгышат. Ден соолугуңузду чыңдоо, сасык тумоодон алыс болуу үчүн өзүбүздүн гана сарымсактарды жегениңиз оң. Биздин сарымсактар абдан жакшы түшүм берген учурда да аны сактоо шарттарынын ойдогудай эместигинен баштагы жакшынакай өңүн бат эле жоготуп, бырышып-тырышып, кээде карарып да кетет. Июлда жыйнаган түшүм ноябрдын ортосуна барып эле товардык кебетесин жоготуп, чирий баштайт. Кытай дүйнөдө өстүрүлүп чыгарылган сарымсактын 80 пайызын өндүрүп чыгарат экен. А бул жылына 12 млн. тонна деген кеп.

 

ГМО — адамзатын тукум курут кылабы?

Гендик жактан өзгөртүлгөн азык-түлүктөр (ГМО) булар — өсүмдүккө же жаныбарга башка организмдердин ДНКсы кошулуп жасалышы. Мисалы, келемиштин ДНКсын помидорго, скорпиондукун картошкага кошуп коюу. Мындан көрүнүп тургандай, табигатттын мыйзамдары эң эле одоно бузулуп жатат. Генди кошуу үчүн вирустар менен плазмиддерди колдонушат. А плазмида заты вирустардан да коркунучтуу келип, алар адам организмине киргенден кийин өзүнө окшогон миңдеген көчүрмөлөрдү пайда кылып, клеткалык геномго чыккыс болуп орношот. Плазмидага байланышкан жаңы оорулар да пайда болду. Мындай жолдор менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди жеген адамдын гендик түзүлүшү да кайра калыбына келгис болуп өзгөрөт. Ошентип ден соолук да бузулат. Британиялык изилдөөчүлөр трансгендик картошка (ГМО) адам түгүл, жаныбарлардын да ден соолугуна оңбогондой зыян келтирерин далилдешти. ГМО — азыктар онкологиялык ооорулардын да бирден-бир себебине айланды. Мындай жол менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди табигый азыктардан айырмалап билүү да кыйынга турат. Учурда дүкөндөрдө колбаса, конфет, маргарин, балмуздак, өсүмдүк майы, майонез, а түгүл нан жана балдардын азык-түлүктөрүнө чейин гендик жактан өзгөртүлгөн азыктар бар экенин биринчи жолу угушуңуз да мүмкүн. Эң коркунучтуусу — өндүрүүчүлөр мындай азыктардын сыртына булар гендик жактан өзгөртүлгөн азыктар экенин жазышпагандыгы. Мындай болгон соң эмнелерден сактанышыбыз керек? Эң биринчиден, фаст-фуд (бат жасалуучу тамактар) азыктарын такыр жебей эле койгон оң, алар ден соолукка пайдасы жоктугу аз келгенсип, зыяны өлчөөсүз. Бүтүн, кайра иштелип чыкпаган азыктарга басым жасаңыз. Торт, таттуулар, печенье сыяктууларды да азыраак колдонуңуз. Мындай азыктарды үйдө жасап жегенге деле болот да. Базарда сатылган жемиштерди курт жеген болсо, бул жакшы. Курт жеген нерсени адам да жесе болот. Кышында кулпунай менен помидор сатып албай эле койгон оң. Дүкөндөн азык алганыңызда сыртында “ГМОсу жок” деген жазуусу барын сатып алыңыз.

 

Эмесе, азыктардын сыртындагы кайсы белги эмнени туюнтарын билип алыңыз:

Е153 — өсүмдүк көмүрү;

Е160d — ликопин;

Е161с — криптоксантин;

Е308 — синтетикалык гамма-токоферол;

Е309 — синтетикалык дельта-токоферол;

Е570 — майлуу кычкылтек;

Е572 — стеарат магнийи (кальций)

Е625 — глутамат кальцийи.

Булардын баары адам баласы үчүн зыяндуу химикаттар экендигин билгенибиз жакшы.