Домой Спорт Футбол: Кыргызстан — Жапония 0:2

Футбол: Кыргызстан — Жапония 0:2

66

Ушул тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип алдыда бара жатат.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болуп жаткан бул беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.

2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине 2-гол жазылды. Голдун автору Генки Харагучи.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган.

Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.

Булак: Азаттык