Элеттик кыз-келиндер футбол оюнунан күч сынашты. Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң айылында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата футбол боюнча кыз-келиндердин мелдеши өттү.
Аталган мелдешти Коңур-Өлөң айылынын аялдар комитети демилгелеген. «Биз бул майрам элеттик айымдар үчүн өзгөчө болсун деп футбол оюнун уюштурдук. «Кызыл жарым ай» коомуна кайрылуу жазып, айылыбыздагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон 23 үй-бүлөлөргө кийим-кече таратып бердик. Аялдар комитетинин алдыга койгон көп максаттары бар, айта кетсек, булочка жасоочу цех ачканга долбоор жазып, Ыссык-Көл өнүктүрүү фондуна сунуштап жатабыз. Алдыда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө дагы иш-чара өткөрүү планыбызда бар»,-дейт аялдар комитетинин төрайымы Мээрим Кудайбергенова.
Мелдеште 4 команда катышып, оюндун соңунда айыл өкмөт тарабынан каралган акчалай сыйлыктар таратылды.Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген командага 1,5 миң сом сыйлык жана Ардак грамоталар, экинчи орунду ээлеген командага 1 миң сом, үчүнчү орунду алган командага 700 сом, төртүнчү орунга 600 сом сыйлык берилди.
Мындан сырткары «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» номинацияларынын ээлерине белектер тапшырылды.