Домой Коом Финполдун орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматынан алынды.

Финполдун орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматынан алынды.

125

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматынан алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган ведомстводон журналисттерге тастыкташты.

Такталгандай, Абдылдаев премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынып, анын ордуна Бакытбек Гайназаров дайындалды. Буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Сагынбек Абдылдаев, 2018-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалган.