Домой Саясат Тайырбек Сарпашевге кылмыш иш козголду

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иш козголду

106

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат  мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын бүгүн кабарлады.

Маалыматта:  «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган» — деп айтылат.

Финпол Сарпашев бул боюнча суракка чакырыларын кабарлады. Сарпашев же анын жактоочулары бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон. Финпол Сарпашев 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакив менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган. Ошол эле жылы тендерге байланыштуу Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. Мыйзам бузуу болбогонун, бул иштер кийин токтотулганын Тайырбек Сарпашев 2018-жылы билдирген.