Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун Ш.Т. аттуу мурдагы директорун кармады. Финполициянын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Маалыматка караганда, Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдары мамлекеттик бюджетке 12 млн. доллардай (бир млрд. сомго жакын) зыян келтиришкен.
Аталган факты боюнча тергөө уланууда.
булак: t-media.kg