Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери учурда Мамлекеттик сот-экспертиза кызматынын имаратын, тактап айтканда жетекчинин кабинетин тинтүүгө алып жатканы маалым болду. Алар бир катар иш-кагаздарын алышкан. Азырынча Финпол бул боюнча маалымат бере элек. Ал эми аталган кызматтын жетекчиси Акылбек Мусакоджаев да журналисттерге маалымат берүүдөн баш тарктан. Ал аталган кызматты 2016-жылдан бери башкарып келатат.