Домой Коом Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

24

ул тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки процесстин алкагында болду

ЖЧК “А.К.га” карата сотко чейинки иликтөө ишинде Мамлекеттик бюджетке тийиштүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча, ушул жылдын октябрь айында 281 миллион сомдон ашык сумманын орду толтурулган. Бул тууралуу ЭКККМК билдирет.

Учурда Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана мамлекетке экономикалык, коррупциялык жана кызмат абалынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.