Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Өзгөн жана Кара-Кулжа район аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты. Бул тууралуу маалыматты Финполдун басма сөз кызматы таратты. Маалыматта: аталган эки райондогу автомектептерден айдоочулук күбөлүк алып, “Инфоком” сайтына катталган курсанттар жөнүндө маалымат менен Мамлекеттик салык кызматы берген маалымат эки ача чыккандыгы айтылат. Натыйжада “А.П.” менчик автомектептердин бирөөнөн эле мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, калган автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилүүдө.