Домой Дүйнөдө Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду

Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду

11

Финляндия расмий түрдө Түндүк Атлантика аскердик-саясий альянсынын (НАТО) мүчөсү болду. Бул тууралуу Польшанын премьер-министри билдирди.

Муну менен Финляндия альянстын 31-мүчөсү болду.

Финляндия 2022-жылы май айында Швеция менен бирге НАТОго кошулуу өтүнүчүн берген. Мындай өтүнүчкө Түркия каршы чыккан. Бирок 1-апрель күнү Режеп Тайип Эрдоган Финляндиянын альянска кошулушуна макул болду.