Домой Коом Февраль айынан тарта күйүүчү майдын баасы 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт

Февраль айынан тарта күйүүчү майдын баасы 2,5-3,5 пайызга кымбаттайт

19

Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, бул Россиянын мунайзат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жатканы менен байланыштуу. Бензин орто эсеп менен тоннасына 91,6 долларга, дизель тоннасына 25 долларга кымбаттаган. Ошондой эле ассоциация былтыр февралда Кыргызстанда доллар 69,84 сом болсо, азыр 85 сомго чейин жеткенин эске салды.

Ассоциациянын башчысы баанын жогорулашын жөнгө салуу саясатын жүргүзүүгө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөнү убадалады. Январь айында өлкөгө чет жактан 52,4 миң тонна бензин, 67,6 миң тонна дизель алып келинген.

Нефтетрейдерлер GlobalPetrolPrices.com сайтынын рейтингинде Кыргызстан бензиндин наркы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турарын кабарлады. Ал эми импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен эң арзан бензин деп табылган. Башка алдыңкы 20 өлкө мунайды өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Казакстан, Нигерия жана башкалар.

Ал эми дүйнө жүзүндө бир литр бензиндин орточо баасы 1,06 долларды түзөт, Кыргызстанда учурда 0,455 доллар.