Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын жаы долбоору президенттик институт менен Элдик курултайды киргизип, президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелгенин билдирди.
«Жаңы долбоорду карап чыгып, эскиси менен салыштырса көп деле айырма жок. Болгону президенттик бийликти чексиз кылууга багытталган. Жогорку Кеңештин эч кандай көзөмөл функциясы калбайт. Бул Конституция боюнча бардык бийлик президентке гана таандык, өкмөт башчы болгону кызматынан чегинүү жана президенттик милдетин аткаруучу гана укукка ээ. Мындай башаламан, бийликти узурпациялаган Баш мыйзамды мурда-кийин көргөн эмесмин. Түркмөнстанда ушундай үлгүдөгү Конституция бар. Гурбангули Бердымухамедовдун бийлигин узурпациялаган биздеги Курултай сыяктуу Маслихат бар.»
«Мунун аягы жаман бүтөрүн белгилеген» Кулов президенттин мөөнөтү боюнча да «кызыктуу жагдайды» белгиледи:
Жаңы долбоордо «президент беш жылдык убакыт менен эки мөөнөткө шайлана алат» деп берилген. Бирок «Президентти шайлоо боюнча мыйзамга ылайык» 10-январдагы шайлоодо шайлана турган президент алты жылдык убакыт менен шайланганы турат. Бул да акылга сыйбаган көрүнүш. Аны шайлоо эски Баш мыйзам боюнча болсо, ыйгарым укугу жаңы долбоорго ылайык болорун кандай түшүнсө болот? Таң калганым, жаңы шайланган президентке ошол эле күнү референдум менен кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык ыйгарым укуктарды берүүгө кантип болсун?
Себеби ал азыр эски Баш мыйзамдын негизинде шайлоого барып жатпайбы. Мындай жапайычылыкты кайдан көрсө болот? Биринчи Конституцияны өзгөртүп, анан президенттик шайлоо болсо түшүнөт элем да. Шайлоо боло электе эле анын жыйынтыгын бурмалоо болуп жатат, — деди саясатчы.