Атамбаевдин бийлигинин тушунда жылдызы жанган, Президенттик аппарат башчылыгы кызматына чейин жеткен, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязовго Биринчи май райондук соту Кой-Таштагы окуяга катышкандыгы үчүн 8-октябга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 244-беренеси (“Адамды барымтага алуу”), 264-беренеси (“Массалык башалмандык уюштуруу”) жана 43-беренеси (“Кылмышка катышуу”) боюнча айып тагылды.
