Домой Коом Фарид Ниязов: Чет элдик ММКларды “система түзүүчү” деп атоо уят

Фарид Ниязов: Чет элдик ММКларды “система түзүүчү” деп атоо уят

99

Фарид Ниязов

Чет элдик маалымат каражаттарын Кыргызстан үчүн “система түзүүчү” деп атоо негизсиз, жада калса уят нерсе. Мындай пикирин президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов журналист жана медиаэксперт Азамат Тынаевдин тегерек столдо айткан сөзүнө комментарий берип жатып билдирди. Аталган иш-чараны медиа-коомчулук Башкы прокуратура президенттин аброюн коргоо максатында 2 ММКнын үстүнөн сотко кайрылгандыгына байланыштуу уюштурган.

Президенттин кеңешчисинин пикиринде, Кыргызстан үчүн “система түзүүчү” түшүнүгү айрым гана ММКларга таандык. Фарид Ниязов белгилегендей, америкалык “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, чет элден грант албаган “Zanoza.kg” интернет-порталы булардын катарына кирбейт.  

Ф.Ниязов ата мекендик медиаэксперттердин чет элдик ММКларды система түзүүчү деп тааныганы Кыргызстандын коопсуздугу үчүн абдан кооптуу белги деп эсептейт. how can i buy cialis discount online. “Бирок, жаман айтпай жакшы жок. Акыркы күндөрү жүргөн талкуулар маалыматтык процесстин катышуучуларын, өзүбүздү жаңы көз караш менен кароого аргасыз кылды.  Сөз эркиндигинин принциби боюнча сиздердин ар бириңиздердин мамилеңиздерди карап көрөлү. Ким аны коргоп жатат? Ким кадырын кетирүүдө? Ким кооз сөзү менен өзүнүн эң маанилүү керт башынын кызыкчылыгын ойлоп жатат? Ким чын жүрөгү менен сөз эркиндигин баалоодо? А ким аны соодалоого даяр? Кимдерди айрым ММКлар ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылуудан башка тандоосу калбай тургандай абалга жеткирди? А кимдер ушул жактан саясий капитал топтоп алууга аракет кылууда? Кыргызстандагы алдыдагы президенттик шайлоону эске алганда бул курулай жана жеке маселе эмес. Бул жерде ар бир катышуучунун алдында жыйынтык чыгуруу маселеси турат: мамлекет, жарандык коом жана журналисттер дагы”, — дейт Ниязов.