Домой Технологиялар Фантастикалык 5D дисктериндеги маалымат түбөлүк сакталат

Фантастикалык 5D дисктериндеги маалымат түбөлүк сакталат

209

5D диск

Саутгемптен университети­нин Оптикалык изилдөөлөр Борборунун изилдөөчүлөрү “маалыматтарды беш өлчөмдө жаздырып алуучу жана аларды миллиард жылдарга чейин сактай алуучу” технологияны иштеп чыккандыктарын жарыялашты. Мында маалымат лазер нурунун жардамы менен жасалган термикалык жактан туруктуу дисктерге сакталып, 360 терабайт маалыматты батырып жана Цельсий боюнча 100 градуска чейинки ысык менен суукка чыдай алат. Үй температурасында 13, 8 миллиард жылга чейин бузулбай турат. Ар бир файл наночекиттердин үч катмарынан турат. Буга чейин эле мындай диск жасалып, бирок ал өзүндө 300 килобайт гана маалыматты сактай ала турган. Алгачкы бетачардан кийин изилдөөчүлөр техникасын өркүндөтүшүп, биринчи дискке Адам укугунун Бүткүл дүйнөлүк декларациясын, Ньютондун оптикасын жана Библияны жаздырышкан. Бул диск адамзатынын бүткүл тарыхы камтылган эң акыркы буюм болуп калышы ыктымал.