Домой Саясат «Фактчек» Памирбек Асанов кызматынан кетиши керектигин жазды

«Фактчек» Памирбек Асанов кызматынан кетиши керектигин жазды

47

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен алектенген ​factcheck.kg сайты ички иштер министринин орунбасары Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керектигин жазды. Ал 16-октябрда 55 жашка толду.

Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы төрөлгөн.

«Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек. Андан тышкары өз каалоосу менен 50 жашында отставкага кетсе болот.

Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп ушул жылдын 13-августунда дайындалган. Ал чуу менен кызматтан кеткен Курсан Асановдун ордуна келген.

Булак: Азаттык