Ушул жылдын 11-12-апрель күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королдугунун борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу сапар жасады. Ал жактан мамлекет башчысы Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана менен жолугушту.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ММК өкүлдөрүнө билдирүү жасашты.
Мындан тышкары Брюсселде президент С. Жээнбеков улуу урматтуу принц Карим Ага-Хан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолугушту.
Бул жолугушууларда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, адам укуктарын жана эркиндигин, мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлоруна инвестиция тартуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Андан тышкары өлкөбүздүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өнөктөштүктүн келечеги да талкууланды.
Кыргызстан тандап алган парламенттик демократиялык жолунан тайбайт
12-апрелде президент С. Жээнбеков Брюссель шаарында Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуусунда дал ушундай пикирин билдирди. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Европа Союзунун кызматташуусунун келечеги талкууланды.
` “Биз Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максатында маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз. Биз ЕС тарабынан көрсөтүлүп жаткан демократия принциптерин чыңдоого жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жардамды жогору баалайбыз”, — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстан өзү тандап алган парламенттик демократия, экономикалык жактан туруктуу жана стабилдүү мамлекетти куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, социалдык адилеттүүлүктү, мыйзамдын артыкчылыгын, басма сөз эркиндигин коргоо багытынан тайбай тургандыгын билдирди.
Өз кезегинде Федерика Могерини Европа Союзу Кыргызстандын бардык демилгелерин толук колдой турганын, мамлекет башчысы С. Жээнбеков тарабынан айтылган өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди. best viagra seller.
Ага-Хан фонду Кыргызстанга мындан ары да салымын кошот
Брюсселде президент принц Карим Ага-Хан менен да жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчысы Ага-Хан фонду тарабынан Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы, чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүндө жана банк секторунда бир катар долбоорлордун жана программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ош шаарында 15 жылдан бери карай сапаттуу билим берип келаткан Ага-Хан мектебинин ийгиликтүү ишин жана Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин биринчи кампусун да өз сөзүндө белгилеп кетти.
“Биз тоолуу региондорду колдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалардын жүзөгө ашырылып жатышын колдойбуз. Бул абдан олуттуу колдоо», — деди ал.
Принц Ага-Хан Сооронбай Жээнбековду КР президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап, Ага-Хан фонду Кыргызстанда баштаган бардык долбооролор улантыла турганын белгиледи. Андан тышкары, Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын пландары, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү долбоорлору, тактап айтканда, Кыргызстандын тоолуу региондорунда балдар бакчасын ачуу долбоору тууралуу да айтып берди.
Кыргызстан региондогу бардык өлкөлөргө үлгү боло алат
Мына ушундай пикирин Брюссель шаарындагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск билдирди.
«Сиздер региондогу бардык өлкөлөргө өрнөк, үлгү боло аласыздар. Кыргызстан баштан кечирген бардык кыйынчылыктарга карабастан, сиздер жетишкен натыйжаларды абдан жогору баалайбыз жана ага таасирленип турабыз”, — деди ал.
Президент С. Жээнбеков соода-экономикалык кызматташуу жаатында али пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилөө менен ЕСтин ар бир өлкөсү менен өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө ишеними бар экенин белгиледи.
“Бизде айыл чарбасы, туризм, транспорт, ошондой эле тоо-кендерин иштетүү, гидроэнергетика тармактарында экономикалык реформалар ишке ашырылып жатат, бизнес чөйрө жакшырып, экспортерлорго жана инвестиция салууга шарттар түзүлүүдө. Биз товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүнү болжолдоп турабыз. Ушуга байланыштуу кыргыз экспортерлоруна бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ВСП+ статусунун артыкчылыктарын пайдаланууга ЕСтин көмөктөшүүсү зарыл болуп турат ”, — деди ал.
Ал эми Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен болгон жолугушууда Кыргызстан туура багытта баратканы тууралуу кеп козголду. Антонио Таяни Кыргызстан туура жолду тандап алганын жана буга чейин жетишилген ийгиликтерди кармап калуу керектигин белгилеп, Европарламент Кыргызстандын парламенти менен өнөктөштүк байланыштарын тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Президент С. Жээнбековдун Брюссель шаарындагы соңку жолугушуусу Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен болду. Бул жолугушууда да Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа союзунун Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен талкууланган маселелер козголду.
Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун алкагында “Таза коом” мамлекетти санариптик трансформациялоону киргизүү, региондордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, ички миграцияны кыскартуу, алыскы региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өркүндөтүү сыяктуу Кыргыз Республикасынын ички саясатынын башка маанилүү артыкчылыктуу маселелерине көңүл бурду.
Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер басма сөз үчүн билдирүү жасашты.
Жан-Клод Юнкер Европа ар дайым Кыргызстандын баардык демилгелерине колдоо көрсөтө турганын белгилеп, кыргыз эли – улуу эл деп атады.
“Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү нерселер бар экендигине терең ишенем”, — деди ал.