Домой Дүйнөдө Европа Биримдиги Түркиядан дагы алыстады

Европа Биримдиги Түркиядан дагы алыстады

77

Реджеп Тайип Эрдоган

Европа Биримдигине кире албай жүргөн Түркиянын учурдагы абалы чынында эле кыйын болуп турат. Албетте, буга азыркы түрк бийлигинин туура эмес саясаты түздөн-түз себепкер.

Европа Парламентинин Жалпы жыйыны бүгүнкү күнгө чейинки эң катуу айтылган билдирүүсүн таратты. Өзүңөр баамдагандай эле ал – Түркияга байланыштуу.

Басма сөз эркиндиги, аялдардын укугу, сот бийлигинин көз карандысыздыгы, качкындардын көйгөйлөрү сыяктуу темаларда сынга алынган Түркия Билдирүүсү Европа Парламентинде 133 каршы, 375 макул добушу менен кабыл алынды.

Адистердин Түркия баяндамачысы Кати Пири тарабынан жазылган бул билдирүүнү “бүгүнкү күнгө чейинки эң катуу сындалган билдирүү” катары белгилешти.

Адистердин айтуусунда, айрым маанилүү жааттарда Копенгаген критерийлеринен алыстагандыгы айтылган бул билдирүүнүн дагы өткөн жылдардагыдай Түркия тарабынан Европа Парламентине тапшырылуу божомолу өтө жогору.

Француз басма сөз агенттигинин (AFP)** маалыматына караганда Европа Парламенти Түркияны демократия жолунан адашып баратканын эскертет.

 

МЕДИАГА КОЛ САЛУУНУН АЛДЫН АЛУУ: Түркия журналисттерге багытталган басмырлоонун бардык түрүнө каршы чара көрүүгө өтүшү керек, журналисттерге багытталган ар кандай кол салуу жана коркутуу, тергөө иштерине бөгөт коюп, медиа органдарына кол салуулардын активдүү түрдө алдын алуусу керек. Маалымат каражаттарында жана интернетте эркин түрдө пикир айтууга тоскоол болгон ызы-чуулуу саясий атмосфераны жоюу керек. Европа Парламенти өтө көп сандагы гезитке катуу жана мыйзамсыз түрдө кол салууну сындайт.

 

ПКК КУРАЛЫН ТАШТООСУ КЕРЕК: Курд маселесин чечүүдө күч колдонууга негизделген чараларды колдонууга болбойт. Европа Парламенти террордук уюмдардын тизмесинде орун алган ПККга карата күч колдонууну сындайт жана мыйзамсыз деп эсептейт. ПКК курал-жарагын таштоосу керек, террордук тактикалардан баш тартуусу, тилек-максаттарын тынчтык жана мыйзамдуу жол менен көтөрүп чыгуусу керек. Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүгө мыйзамдык укугу бар экендиги кабыл алынат. Терроризм менен күрөшүү аракеттери чеги менен жүргүзүлүп, жалпы кыргындоо абалына өтпөшү керек. Европа Парламенти ПККнын коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарга багытталган чабуулдарын өтө катуу сындайт.

 

ЕВРОБИРИМДИККЕ МҮЧӨ БОЛУУ БИЛДИРҮҮСҮНҮН КЕЧИКТИРИЛИШИ: Евробиримдик Комиссиясынын 2015 Мүчөлүк билдирүүсүнүн Түрк шайлоолорунан кийинкиге калтырылуусунун, Түрк өкмөтүнүн качкындар тууралуу биргеликте иш алып барууда Евробиримдиктин негизги укуктар маселесинде үн катпаган мамиледе болгондугу үчүн туура эмес чечим болгонуна ишенебиз.

 

РЕФОРМА ШАРТ: Сот, негизги укуктар, адилеттүүлүк, эркиндик жана коопсуздук жааттарында өтө шашылыш реформаларга муктаждык бар.

 

ПРЕЗИДЕНТТИ АЙЫПТОО: Европа Парламенти, ой-пикир жана басма сөз эркиндиги менен көзкарандысыз медианын Европанын негизги баалуулуктары болгонун белгилөө менен, Жан Дүндар менен Эрдем Гүлдүн бошотулушун ыразычылык менен кабыл алат жана Президенттин Конституциялык сотко багытталган билдирүүлөрүн айыптайт. Камакка алынган журналисттердин дароо бошотулушуна чакырган Европа Парламенти, Түрк башчылыгындагы улам күчөп бараткан авторитардык аракеттерди өтө кайгыруу менен кабыл алат.

 

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ: Коррупция менен күрөшүү Түркиянын башкы максаты болууга тийиш. Түрк өкмөтү коррупция менен бардык деңгээлде күрөшүү ниетинде болгонуна байланыштуу ачык-айкын жана туруктуу белгилерди берүүгө тийиш.

 

АЯЛДАРГА КАРАТА КҮЧ КОЛДОНУУ: Аялдарга карата күч колдонуунун өтө жогорку деңгээлде болуусу өтө кооптуу. Тийиштүү мыйзамды колдонууда катачылык бар.

 

ИНТЕЛЛИГЕНТТЕРДИ КУУГУНТУКТОО: “Тынчтык үчүн билдирүүгө кол коюшкан” деген шылтоо менен миңден ашуун интеллигенттин куугунтуктоого алынышы көйгөйдүн негизги булагы болуп саналат.

Билдирүүнүн көлөмдүү бөлүгүндө терс көрүнүштөр алдыңкы орунга чыкса, Түркиянын сириялык качкындарга байланыштуу позициясы Евробиримдик жагынан маанилүү стратегиялык орток болушу, сырткы саясат жана коопсуздук маселелеринде Евробиримдик менен Түркия ортосундагы диалогдун күчөтүлүшү позитивдүү түрдө жазылган.

Тиленбек Азык