Анын негизинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы, Санэпидемстанциянын жетекчилиги, Мады айылынын жана «Гром» күзөт агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Мады айылындагы эшек ферманы текшерип чыгышты.
«Ал эми социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча, ал кар жааган учурда тартылганы көрүнүп турат. Ал эми эшектер багылып жаткан аймакта буга чейин кар жааган эмес. Иликтөө учурунда социалдык тармактарга жарыяланган видео 2015-жылы тартылгандыгы аныкталды. Ал эми белгисиз жаныбардын ич эттери башка жерден сүрөткө тартылгандыгы такталды. Видео жана сүрөттөр эки бөлөк жерден тартылган. Социалдык тармактарга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Маалыматты тараткан адамды тактоо максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.
Буга чейин «Баракелде» басылмасы WhatsАpp аркылуу Ош облусундагы эшек фермасына байланышкан сүрөт жана видеолор тарап жатканын жазган.
Видеодо эркек киши Мады айылында улуттук деликатестерди даярдоо үчүн эшек ферма уюштурулганын айткан. Ал тиешелүү мамлекеттик органдардан Мады айылында ушундай багыттагы ферманын бар-жогун тактап берүүнү суранган.
Булак: Турмуш