Домой Ден-соолук Эрте мененки тамакты душманыңа бер!

Эрте мененки тамакты душманыңа бер!

366

Атактуу орусиялык дарыгер-кардиохирург, ойлоп табуучу, профессор, РАН жана РАМН академиги, Орусиянын башкы кардиохирургу Лео Бекория РЕН ТВ телеканалына берген маегинде буга чейин биз ишенип келген салттуу диетанын таш-талканын чыгарды. Ал мындай деди: “Ар дайым эртең менен тамактануу керек деген сөз таптакыр болбогон нерсе. Себеби, организм жаңы эле уйкудан ойгонду, ал али өзүнө келе элек, а сиз ашканага кирип эт менен камырдан жасалган тамактарды жеп, бул аз келгенсип артынан коюу кофе же чай жуттуңуз. Андан соң кийинип жумушка жөнөдүңүз – сизден кандай жакшы жумушчу чыгат деп ойлойсуз? Тээ илгери эле атактуу хирургдар эртең менен болгону кичинекей чашкадагы кофе ичишкенин байкагам. Болду! Түшкү тамакка болсо үстүнө май сыйпалган же балык, колбаса, сыр ж.б. нерсе коюлган бир кесим нан жешчү. А кечинде болсо (өтө кеч эмес) жакшылап тамактанып, андан кийин физикалык көнүгүүлөр менен алектенишип, китеп окушчу… Андыктан, эрте мененки тамакты душманыңа бер, түшкү тамакта жеңил тамактан, а кечинде (саат 6-7де) жакшы тамактанып андан соң физкультура. Менин байкоомдо адамдары узак жашаган өлкөлөрдө ушундай режимди карманышат. Белгилүү орус хирургунун бул байкоолорун Корнелла университетинин окумуштуусу Девид Левицкинин изилдөөлөрү да ырастайт. Ал адам эгерде эртең менен тамактанбаса, ашыкча салмактан тез арыларын аныктаган. Өзүнүн теориясын далилдөө үчүн ал эксперимент жүргүзгөн. Ага катышкан адамдардын биринчи тобу такай эртең менен тамактанышкан, а экинчи тобу нанүштө кылышкан эмес. Эртең менен тамактанбаган адамдар андан кийин курсактары аябай ачкан, бирок кийин белгилүү болгондой, алардын бир күнкү жеген тамагы эртең менен тамактанган адамдарга караганда 408 калорияга аз болуп чыккан. Окумуштуунун ою боюнча, мындайча тамактануу ачкалык сезимине карабастан бир күн ичинде көбүрөөк жегенге мажбурлабайт, ошого жараша ашыкча калория өзүнөн өзү жоголот. Бирок, эгерде адам кант оорусу же гипокликемия оорусу менен ооруса, кандагы глюкозанын деңгээлин кармап туруу үчүн ал адам сөзсүз эртең менен тамактанууга тийиш.

 

Тез бышуучу тамактар

ГамбургерБуларга ун, май, шекер, крахмал кошулган тамактар кирет. Мындай азыктын пайдалуулугу күмөндүү. Адамды ток кармаганы менен ден соолук үчүн пайдасынан зыяны көбүрөөк.

 

Банан жана башкалар

Мөмө-жемиштердин пайдалуулулугу алар бизге канчалык жакын жерде өскөнүнө байланыштуу. Океандын ары жагынан келген банан, ананас, киви сыяктуу мөмөлөрдү экспортко чыгарардын алдында газ ж.б. химиялык заттар менен аларды узак мөөнөткө сактоо жана жакшы бышуусу (!) үчүн тазалап чыгышат.

 

Кургатылган мөмөлөр

Кургатылган мөмөлөрБиз баарыбыз жакшы көргөн кургатылган мөмөлөрдү өндүрүштө күкүрт кислотасы менен кургатышат. Бул аз келгенсип аларды шекер ширесине чылап коюшат. Мындай жол менен даярдалган азыкта адамга пайдалуу эмне болушу мүмкүн. Албетте, эч нерсе.

 

Кагаз баштыктагы ширелер

Жаңы сыгылган шире менен кагаз баштыктагы ширелердин ортосунда чоң айырма бар. Жаңы шире 15 мүнөт жаңы бойдон турат. Баштыктагы шире болсо ширелер жана консерванттар менен шыкалгандыктан көп убакка чейин жаңыдай тура берет. Мындай ширени ичкен сайын тамак жегиңизди келтирет.