Домой Коом Эрнис Жээнтаев: Шайлоодо жүрөгүң менен шайла. Баткендеги чек ара эртең эле сенин...

Эрнис Жээнтаев: Шайлоодо жүрөгүң менен шайла. Баткендеги чек ара эртең эле сенин үйүңдүн жанына көчүп келиши мүмкүн…

121
Кыргыз саясатында оппозиция жок. Жакында шайлоо. Бийликчил 2 партия бар, Жээнбековдун «Биримдиги» менен бийликке ыкташ Шакенин «Кыргызстан» партиясы бар. Мындан бөлөк Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясы бар. Бабанов кеткенден кийин «Республика» партиясын жалгыз Мирлан Жээнчороев сүйрөп кетери күмөн. Эми ушу колунда бийлиги, акчасы бар 3 партиядан бөлөк теңтайлаша турган бир да партия же күч жок. Эл ойгонуп коррупцияга каршы өзүнчө күчкө айланбайт көрүнөт. Эл дагы деле бийлик экенин билбейт, түшүнбөйт көрүнөт.

Эми тиги бийликчил 3 партияга каршы оппозиция болуп биригүү керек деп саясий серепчилер айтып жатышат. Макул, оппозициялык күч керек. Бирок ошол оппозиция кандай максат менен барат. Мурун эл үчүн иштей албаган Ата Мекен, Ак шумкар, СДПКнын 3-4 депутаты, Бүтүн Кыргызстан эми бир нерсе жасашат деп күтүүгө болобу? Же дагы деле «шайтандын кичинесин тандайлы» деп шайлоого барабызбы?

Жаштар, жаңы көз караштагылар келсин дейбиз. Ата Мекендин жаштары жок, Ак Шумкар жаштар канатын таратып жиберди деген кептер бар. КЛДПнын жаштарын бетке кармап мурунку экс-депутаттар барганы жатышабы? Команданын 3 пайызы жаштар болсо ишти алып кете алышабы? Эскилер эмне максат менен бара жатышат? Бул келерки созыв деле интрига, ызы-чуу менен өтөбү? Качан реалдуу реформа көрөбүз? Ар убакта чек ара көйгөйү, жакырчылык, жумушсуздук, коррупция күчөп бара жатат.

РеАкциядан түзүлгөн партия бар. Команда күчтүү, жаштар, кескин түрдө жасалуучу реформанын пландары менен иштеп жатышат. Партиянын ачылышы боло элек. Бирок альянска кошулууга сунуштар түшүп жатыптыр. Альянстын сунуштарында алардан 2 же 3 талапкер катыша алат дейт. 2-3 жаңы депутат менен эскилердин арасында реформа болобу? Же жөн гана бийликке тең салмак кармоочу күч болуп эле баруу керекпи? Суроо көп…

Эл качан ойгонот болду экен?..
Шайлоодо жүрөгүң менен шайла. Баткендеги чек ара эртең эле сенин үйүңдүн жанына көчүп келиши мүмкүн. Эртең эле сен да жумушсуз калышың мүмкүн. Эртең эле сен да коррупциянын курмандыгы болушуң мүмкүн.

Бүнүнкү жумушсуздук, миграция, талкаланган билим берүү жана медицина тармагы, жакыр үй-бүлөлөр, кечеки коррупциянын курмандыктары. Эртең сенин үй-бүлөңө көйгөй жаралбайт деп эч ким кепилдик бербейт. ОПГ, коррупция күчөсө, жөн гана мүлкүңдү же жумушуңду тартып алат…