Бийликтин каталары:
1. Эч качан күч органдары, анын ичинен ГКНБ күбөнү суракка алуу боюнча аскердик курал колдонулбашы керек эле. Анткени Элдик штаб деп аталгандан кийин ал жерде аялдар жана кичине-балдар кыздар бар болот. Элдин коопсуздугун эске алып күбөнү алып келүү эртең менен же эл жок убарта жүргүзүлүшү керек болчу. Спецназдар күтүүсүздөн забордон секирип кирип келишти, эч кандай алдын ала билдирүү болгон жок. Кубөнү алып келүү процессинин эрежелери сакталган жок. Бул операция уюштуруучуларынын акылсыздыгы болду.
2. Атамбаев мурда эле эскерткен, мен коргоном, куралым бар, атам деп. Демек аны үйүнөн кармоо мүмкүн эмес эле. Анткени өзүн коргоо боюнча УК КР (Глава 8. Статья 49. Необходимая оборона) законго таянып ок чыгарып коргонууга укугу бар. Муну билип туруп күч органдары өзүнүн кызматкерлерин окко учурбашы керек болчу. Кызматкерлерди атайын окко төшүн тоздуруп буйрук бергени туура эмес.
3. Юридикалык жагы. Атамбаев күбө катары суралып жатса суракты камсыз кылуу иликтөө органдарынын милдети болчу. А эгер күнөөлүү катары каралып жатса анда атайын айыптоочу кагазын жөнөтүп анан сот отурумуна чакырылышы керек болчу. Сотко келбей койсо анан кармоо операциясы жүрүш керек болчу. Мындай иш атакеттер Жазык-Процесстик Кодексти бузуу болуп эсептелет жана ал үчүн жооптуу орган жазага тартылышы керек. Тергөөчүнүн спецназга буйрук бергени да Жазык-Процесстик Кодексти бузуу болуп эсептелет.
Эми УКМК жетекчиси Опумбаевдин айтуусуна кайрылсак. Ал Атамбаевди кармоого куралсыз балдар барды деп ЖКнын трибунасынан айтты. Жана жооп катары ок чыгарганга уруксат бербегениме өкүнөм деди. Куралсыз жоокерлерге кантип ок чыгарууга уруксат берет? Өзүнүн сөзүнө өзү карама-каршы болуп жатат. «Тах-тах» этип кичине балдардын оюнундагыдай аттырмак беле? Биринчи кармоо аракеттери болгон видеозапись, сүрөттөрдү карасак, ал айткан балдар курал-жарактары менен барышкан.
Аларда:
7 даана помповое винтовка РМБ-93 үлгүсүндө, (ар биринде 8+1 патрону менен);
6 даана АК 47 автоматы, 30 патрону менен 35 магазин. Б.а. 35 магазинди 30га көбөйтөбүз = алабыз, 1050 боевой патрон.
2 пистолет.
Демек ал балдар өтө сонун куралданып барышкан. 1050 боевой ок менен ошол жердеги жарандардын баарына 2-3төн ок жеткидей камданып барышкан. Болгону балдардын саны 13-14өө эле болчу. Куралдардын санын, Курсан Асанов алуу учурунда видеофиксация болгон учурда айтылат. Мындан бөлөк Атамбаевдин колунда именной пистолети жана бир даана снайперская винтовка Драгунова болгон. Анын магазини 10 патрон болот. Видеодо да Курсан Асанов текшерип жатып айтат, полный магазин деп, демек 10 патрон атылган эмес. Кадрдын сыртындагы үн да 11 патрон экенин айтат, бул да ал винтовкадан ок атылбаганын далилдейт. Эмнеге 11 деп айтты анткени магазин толук турган кезде затворду тартып дагы бир патрон ручной октосо болот, ошондуктан Курсан Асанов затвордогу патронду чыгарган менен чогу эсептегенде 11 болду. Ал видеонун ссылкасы төмөндө. Окко учкан кызматкердин кайсы куралдын огунан каза тапканын далилдеш керек. Пистолеттин огу бронжилетти теше албайт. Демек Спецназдар алып барган АК47 куралынан чыккан ок болушу мүмкүн. Эмнеге ал кызматкерди С. Жумабековго алып барышты? Суроо ушунда. Кызматкерге тийген ок кайда? Болистикалык экспертиза жүрүп жатабы?
Мындан сырткары Кыргызстан ООНдун мүчөсү болгондон кийин, Гаага конвенциясында демонстранттарды кууганга колдонууга тыйуу салынган 7 даана помповое винтовка РМБ-93 үлгүсүндөгү куралдарды колдонбошу керек болчу.
Жогоруда айтылган куралдар, ок-даарыларды көргөнүбүздөн кийин, Опумбаев балдар куралсыз барышкан деп элге, депутаттарга жалган маалымат берип жатат. Бул да Кылмыш жана Жаза Кодексинде статья болуп эсептелет.
Андан кийин жаракат алган кызматкерлер боюнча:
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков жоокерге тийген ок анын өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткенин айтты. Бул жаракатка Сабыр Жумабековдун кандай тиешеси бар. Ал кардиохирург эмес да. Анын профили Аты айтып жаткандай сөөк, муун, омуртка, Кыймыл-таяныч системаларын карайт да. Ок жүрөк өпкөнү аралап жатса ошол специалистке (Нац.госпиталь, Мамакеев, Кардиохирургия) алып барыш керек болчу да. Эмнеге туура эмес специалистке алып барышат? Бул мага күмөн жараткан учур болду. Өткөндө да Раим Матраимовдордун ызы-чуусунда да ушул Сабыр Жумабеков кийлигишип жүрдү эле. Эмнеге ал аралашат мындай жерлерге?
Бул операция Бийлик тарабынан атайын жасалган эмеспи? Спецназ кызматкерлерине задачаны айтпай келип атайын окко салып берген эмеспи?
Суроо көп.